6 марта 2013, 14:19

Уланбек Турдубаевди неге сабашты?

2011-жылдын 8-майында түнкү саат 22.20 чамасында Орусиянын борбору Москва шаарындагы «312» кафесинде Уланбек Турдубаев мекендештери тарабынан катуу сабалган. Анын кесепетинен мээси катуу чайкалып, эстен танган. Ошол эле жылдын 21-майында ага атайын операция жасалып, ошондон бери эсине келе элек абалда дале төшөктө жатат.

- 2011-жылы 21-июнда Уланбекти Москвадан айласыздан Кыргызстанга алып келип, Ош облустук аймактар аралык оооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө үч ай жаткырдык. Дагы деле эсине келген жок. Ошондон бери үйгө чыгарып, инимди кезектешип күнү-түнү карап жатабыз. Уланбекти Москвада уюшкан кылмыш тобунун өкүлдөрү эч себепсиз токмоктоп жатышканда, «312» кафесинде иштешкен Мээримбек Чобоев, Азамат Абиласанов кой-ай дегенге жарабай карап турушкан. Жоомарт Орозалиев, Азат Адашбек уулу, Акжол Сатиев, Азамат Абиласанов Уланбекти тигилер улам сүйрөп жүрүп адегенде дааратканада, анан көчөдө ачык эле токмоктоп жатышканда ажыратып койгонго жарашкан эмес. А «312» кафесинин ижарачысы Акжол Сатиев тополоңду басууга милиция чакырууга дааган эмес. Демек, жанагы балдар уюшкан кылмыштуу топтун (ОПГнын) мүчөлөрү болушкан. Дагы кейиштүүсү, 8-майдагы ошол кандуу окуя боюнча эмдигиче кылмыш иши козголгон эмес, - деп үшкүрүндү Уланбектин акеси Уларбек Турдубаев.

- Беш уул, эки кыздын апасымын. Уланбек балдарымдын эң кенжеси, 1986-жылы туулган. Үйлөнө элек. Жаш жигиттин түбүнө Камчы Көлбаевдин, Алмамбет Анапияевдин уюшкан кылмыш тобунун (ОПГнын) өкүлдөрү сыңары эсептелишкен Эрнис Казаков баштаган балдар жетишти. Алар Москвада иштеген балдар-кыздарды коркутуп-үркүтүп, ар ай сайын «үлүш» алып турушчу экен. Өзүбүз Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылынан болобуз. Айылдаштарыбыз укук коргоо органдары бу боюнча чукул чараларды көрүшпөсө, тигилерди дароо камабаса, анда өздөрү тигилердин түбүнө башкача жетебиз деп жатышат, - деп чырылдады Салия Исаева.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук байланыш бөлүмүнүн ага прокурору М.Нурматов Уланбек Турдубаевдин туугандарына жолдогон катында аталган кылмышка Эрнис Казаков, Алмаз Эрмекбаев, Медер Исаков, Кумарбек Жусупов жана Медербек Эрматовдун катышы бардыгын танбайт.

- Алмаз Эрмекбаевге Орусияда башка кылмыштарга аралашкандыгы үчүн дагы айып тагылып, учурда Москва шаарында абакта жатат, - дейт М.Нурматов. – А Эрнис Казаковго бирөөнү зордуктагандыгы жана бейбаштыгы үчүн кылмыш ишин козгогонбуз. Ошон үчүн Орусия Башпрокуратурасынан аны Кыргызстанга токтоосуз түрдө экстрадациялоону суранган элек. Өтүнүчүбүздү дароо канааттандырышкан. Эркин Казаков 2012-жылдан бери Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында кармалууда.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Исаевдин билдиришинче, Эрнис Казаков Бишкектеги эмес эле, бул эле Оштогу тергөө абагында жатат. А Алмаз Эрмекбаев 2011-жылы адамдарды сатуу максатында уурдагандагы үчүн Москва полициясы тарабынан кармалып, 17 жылга кесилген. Медер Исаков дагы Грузияда колго түшүрүлүп, учурда абакта жатат.



Булак: "Жаңы Агым”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021