6 марта 2013, 14:22

Ө.Текебаев: “Конституциянын тексттин алмаштырып койгон деген айыптоо боюнча иш алып барган комиссия эч нерсе тала алган жок”

Мындай пикирин бүгүн парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-сентябрындагы № 2284-V токтому менен түзүлгөн 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстиндеги айрым жоболорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаевдин алмаштырып койгондугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы көп сандаган жарыялоолордун негиздүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматты угуп жаткан учурда "Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.  

"Аталган комиссияны түзүлүү сунушун мен жана "Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан. Комиссия 6 ай иштеди, бирок текшерүү учурунда алар эч нерсе таба алышкан жок. Биз  расмий түрдө буга чекит коюушубуз керек. Текебаев Конституцияны өзгөртүп койду дегендер бүгүнкү баш мыйзамды легитимсиз деп бийликтин мыйзадуулугуна шек келтиргендер. Дагы бир төнкөрүлүшкө юридикалык жактан жол ачууну каалагандар”,-деди депутат.

  "Кыргызстан бүгүн”- Kyrgyztoday.kgс
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021