6 марта 2013, 14:34

Режиссер Р.Акун пираттар анын "Салам Нью-Йорк" тасмасын көчүрүп сатып аткандарына нааразы болууда

 Режиссер Р.Акун пираттар анын "Салам Нью-Йорк" тасмасын көчүрүп сатып аткандарына нааразы болууда 28-февраль күнү белгисиз бирөөлөр тарабынан Бишкектеги кинотеатрлардын биринде «Салам, Нью-Йорк» тасмасы тартылып алынып, интернет булактарына жайгаштырылган», - деп билдирди тасманын режиссёру Руслан Акун.

Анын айтымында, интернет булактардын ээлери менен сүйлөшүп, анонимдүү колдонуучу жүктөгөн аталган тасманын видеосу өчүрүлгөн. Бирок аз убакыттын ичинде тасманы көчүрүп алгандар пираттык жол менен дисктерге көчүрүп сатыкка чыгара башташкан.

4-март күнү тасманын дисктери «Евразия Дордой» базарында сатылып жатат деген маалымат тараган. Маалыматтын негизинде режиссёр Руслан Акун Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматчылар менен бирге аталган базарга барганда, диск сатуучулар аларга каршылык көрсөтүү менен катар кол көтөргөн.

«Пираттар менин 1 жарым жылдык эмгегимди уурдап алышты. Буга чейин деле канчалаган тасмалар пиратташтырылган. Ошол себептен тасманын ээси катары пираттарга административдик гана чара көрүп койбостон, кылмыш ишинин козголушу үчүн тиешелүү органдарга кайрылам», - дейт Р.Акун.
 
Буга чейин мындай фактыларга бир дагы кылмыш иши козголбогонун жана мындай башаламандыкты жоюуга убакыт келгендигин кошумчалады режиссер.





Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021