6 марта 2013, 14:49

Баасы чыккан төөбуурчак, чек араны акыйган сүт өндүрүүчүлөр жана тагдыры тумандаган “Жерүй”

Өкмөттүн иш башкармалыгы 25-27-февраль аралыгында Талас дубанына журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду. Пресс-турдун алкагында облус жетекчилиги аймактагы жасалып жаткан иштер жана чечилбей жаткан көйгөйлөр менен жеринен тааныштырды.

Облустагы өкмөт өкүлү Койсун Курманалиеванын айтымында, Таласта абал тынч. Кезектеги төңкөрүш кайрадан Таластан тутанат деген айың кептерге негиз жок экенин баса белгиледи. Облустун эң башкы жетишкендиги катары төөбуурчак маселесинин жолго коюлушун айтсак болот. Анткени Таласта элүүгө жакын төөбуурчак кабыл алуучу борборлор ачылган. Түрк ишкерлери жергиликтүү дыйкандардан төөбуурчактын килограммын 58-62 сомдон сатып алып, тазалоо, сорттоо иштеринен кийин чет өлкөлөргө экспортко жөнөтүшөт экен. Облустун аймагында 6 сүт иштетүүчү завод болгону менен алардын иши мактанарлык эмес. Анткени Казакстан чек араны жапкандан кийин өндүрүш кыйла төмөндөгөн. Сүт өндүрүүчүлөр вице премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кургак сүт чыгарган кытайлык завод курабыз дегенине караманча каршы. Алар сүттү элден 14-15 сомдон сатып алышат. Эгер кытайлыктар келсе сүттү убактылуу кымбат алып, жергиликтүү сүт өндүрүүчүлөрдү сызга отургузгандан кийин сүттүн баасын төмөндөтүп коюшат. Анүстүнө Таласта кургак сүт чыгарган завод бар, андан көрө Тайырбек мырза чек араны ачып, экспорт маселесин чечип берсе кытайлыктары жок эле сүт азыктарынын түрүн чыгарабыз дешет сүтчүлөр.

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан "Жерүй” ишканасынын жетекчилиги аба ырайынын катаалдыгын шылтоолоп, журналисттерди комбинатка жакын жолоткон жок. Ошентсе да Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев өзү келип журналисттер менен жыйын курду. Чунуев "Жерүйдүн” иштешин жергиликтүү элдин басымдуу көпчүлүгү каалап жатканын айтып, каршы чыккандар чакан гана саясый топтор экенин айтты. Таласка болгон пресс-тур тууралуу гезиттин эмки санында толук маалымат берилет.



Булак: "Жаңы Агым”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021