6 марта 2013, 14:59

Т.Сарпашев: Айрым саясатчылар дайыма бири-бири менен араздаштырганга аракет кылышат

КР вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев «Баракелденин» онлайн-конференциясынан окурмандардын суроолоруна жооп берди.

«Сарпашевдин, Сатыбалдиевдин, Илмияновдун топтору өз ара тирешип атат деп жатышат. Ушул боюнча кандай жооп бересиз?», деген суроого Т.Сарпашев «Сиз көрсөткөн үч фамилия тең ынтымакта, бир команданын айланасында иштеп жатабыз. Жеке кызыкчылык жок. Баардыгыбыз тең мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабыз. Жеке мамиле дагы, саясий көз караш дагы бирдей», - деп жооп берди.

Ошондой эле «Ж.Сатыбалдиев кетсе, анын ордуна сизди болот деп кээ бир гезиттер жазып чыгышты. Сиз өкмөт башчысы болгонго даярсызбы?», деген суроо берилди.

Т.Сарпашевдин айтымында, бул эски саясий ыкма. Бүгүнкү күндө өкмөт башчысынын потенциалы чоң. Айрым саясатчылар дайыма бири-бири менен араздаштырганга аракет кылышат. Ал эми кимдин эмне болушу буйруктан, деди ал.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021