6 марта 2013, 15:07

А.Келдибеков:“Конституциянын текстиндеги айрым жоболорду Ө.Текебаевдин алмаштырып койгондугунун чын-төгүнүн текшерүү үчүн комиссиянын ишин узартуу керек”

Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 19-сентябрындагы № 2284-V токтому менен түзүлгөн 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстиндеги айрым жоболорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаевдин алмаштырып койгондугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарындагы көп сандаган жарыялоолордун негиздүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматты угуп жаткан учурда "Ата-Журт” фракциясынан депутат Ахатбек Келдибеов бидирди. Анын айтымында, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен кайрадан жыйын өткөрүп, бул фактыны текшерүүгө алуу зарыл.

«Бул маселе боюнча кайрадан жаңы комссия түзүүнүн кажети жок. Болгону комиссиянын ишин узартуу керек», - деди Ахматбек Келдибеков.

Комисиянын төрайымы Галина Скрипкина баш мыйзамда техникалык гана катарлар бар экендигин аныкталгандыгын айтты. "Биз техникалык каталардан башка  орчундуу эч нерсе тапкан жокпуз”,-деди ал.

Ал эми "Ар-Намыс” фракциясынан депутат Анвар Артыков комиссиянын корутундусу легитимсиз экендигинйтып чыкты.

"Комиссиянын мүчөсү 5 адам болсо анын экөө гана кол койгон. Муну мыйзамдуу деп эсептесе болобу?”-деди депутат.  

"Ата-Журт” фракциясынан депутат К.Осмонов бкл маселе Конституциянын айрыкча кыргызча вариантында көп каталар болгондуктан, аныоңдөп коюу максатында гана көтөрүлүп чыккандыгын билдирди.  

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште "Республика” фракциясынын демилгеси менен Конституциянын текстиндеги айрым жоболорду Ө.Текебаевдин алмаштырып койгондугунун чын-төгүнүн текшерүү үчүн комиссия түзүлгөн.

 "Кыргызстан бүгүн”- Kyrgyztoday.kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021