6 марта 2013, 15:16

Сох окуясынын таасири ушинтип уланууда

Сох окуясы эки элдин ортосуна терс таасирин тийгизбей койгон жок. Чек аралар жабылып, бир канча кыйынчылыктар пайда болгон эле. Эки өлкөнүн сүйлөшүүсү менен тосулган жолдор ачылып, Өзбекстандын Сох районунун тургундары Сох-Кадамжай жолу аркылуу каттай башташкан. Бирок жараны кайра ырбаткан окуялар да болуп жатат.

2013-жылдын 20-февраль күнү саат алтылар чамасында Баткен районунун Кыштут айыл округунун Сай айылынын тургундары  Эркин Абсеитов, Жеңишбек Токтобаев, Нурлан Эшов болушуп алдын ала уюшулган пландарын ишке ашырышат. Тактап айтканда, Кадамжай районунун Айдаркен ашуусунан өтчү Ош -Баткен автожолунда Өзбекстандын Сох районуна бара жаткан 5 унааны токтотуп андагы өзбек жараны Н.Хамзидиновду ачык коркутуп 15 миң сум өзбек акчасын алышып, бир канча өзбек жарандарын уруп, сабашкан. Кылган кылмыштарын жабуу максатында окуя болгон жерден качып кетишкен.

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө боюнча орунбасары Имамназар уулу Алдаярдын айтымында, бул маалымат түшөрү менен Кадамжай ИИБнин ыкчам иликтөө иши жүргүзүлүп, аталган факты боюнча кылмышка шектүүлөр кармалышты. Өзбекстандын 21500 сум акчасы табылып, далил буюм катары алынган. Бул иш боюнча  Кыргыз Республикасынын КЖКнын 167-ст. 2-б. 1-п. 3-б. 2-п. 234-ст 2-б. 1-п менен №48-13-30 сандуу кылмыш иши козголуп, Э.Абсеитов, А.Нурмаматов, Н.Эшов, Ж.Токтобаевдер  КР ЖПКнын 94-ст. негизинде  камакка алынып,  23-февралда алардын айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары камак түрү тандалып, азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.



Булак: "Жаңы Агым”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021