6 марта 2013, 15:23

Текебаевдин «феномени» 2-серия

Башында КГБнын тапшырмасын аткарып, тартиптүү жүргөн Текебаев кийин Акаев доорунда КГБнын таасири азайып, ал анчалык маанилүү эмес катардагы органга айланганда саясий активдүүлүгүн күчөтүп, президент Аскар Акаевдин жумшак позициясынан пайдаланып, ашынган оппозициялык маанайга өтөт. Эмоциясы ашынган Текебаев а түгүл кайсы бир парламенттик жыйында Аскар Акаевге катуу сын айтып, аны Румыниянын акыркы диктатору Николае Чаушескунун тагдыры күтүп турганын айткан. Муну угуп отурган депутаттардын оозу ачылып, карапайым эл болсо Текебаевди баатырга теңеген жайы бар.

Тилекке каршы, Текебаевдин «баатырдык» доору узакка созулган жок. 1996-жылдын 3-декабрында  Жалал-Абад шаарында 8,5 килограмм апийимди сатууга аракеттенип жаткан жеринен КР жараны Текебаев Асылбек Чиркешович ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан камакка алынып, кылмыш иши козголот. Маркум Асылбек Текебаев Өмүрбек Текебаевдин карачечекей иниси экенин билбеген кыргыз аз болсо керек. Өтө оор кылмышка шектелип кармалган Асылбек Текебаевди бийлик 20 жылдык күчөтүлгөн режимге кесип жиберээринде, айласы кеткен Өмүрбек Чиркешович инисин куткарып калыш үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаевге кирет. «Мен силер менен кандай болбосун кызматташууга даярмын» деген Текебаевдин өтүнүчүн кубануу менен кабыл алган туңгуч президентибиз анын инисин камактан чыгартып, анын акысына Текебаевге жумшак, ортомчул позицияны кармануусун айтат. Инисин оор жазадан куткарып алган Текебаев оппозицияда «ийкемдүү» позицияны карманат. 1995-жылы президенттикке ат салышууга чамынып, бийликти катыра сындап турган Өмүкөбүз 2000-жылы кыйла жумшак позициядагы атаандаштыкты карманат. Ошол кезде жаңы гана камактан чыгып, Акаевдин №1 атаандашы катары саналып келген генерал Феликс Кулов менен тандем түзгөн Текебаев заматта тандемдешин «кидать» этип, бийликти колдогонго өтөт. Ошондой эле Феликс Куловду калың эл колдоп турганынан чочулаган Текебаев бийликтин заказы менен президенттикке аттангандарга кыргыз тилин билүүнү милдеттендирген мыйзам долбоорун парламенттен өткөрө салып, Куловдун жолун торой чыгат. Айласы кеткен Кулов экзаменден өтпөсүн билгенден кийин Текебаев мене тандемге барууга макул болот. Текебаевдин «ийкемдүүлүгүн» ушундан билиңиз, 2000-жылдын башында болгон парламенттик шайлоодо дароо эле парламенттик шайлоо таза өткөндүгүн, Кыргызстанда чыныгы демократия орногондугун айтып чыгат. Тилекке каршы Текебаевдин ошол «демократиясынан» кийин 2 революция болуп өттү.

Текебаев биринчи президент Аскар Акаевге тымызын кызмат кылып гана тим болбостон, акчалай сыйлыктарды дагы алып турган. Кылган кызматына жараша ар кандай өлчөмдөгү сыйлыктарды үй-бүлөгө жакын адамдар Текебаевге маал-маалы менен тапшырып турушкан. Мисалга алсак, өзүнүн эле партиясындагы мурдагы министр, азыркы ЖК депутаты (аты сыр болуп турсун) 10 миң долларды Текебаевдин колуна бергенин ар убак далилдегенге даяр.

Ыраматылык Салижан Жигитов атабыз Текебаевге «түбөлүк оппозиционер» деген ысым бергенин билсеңиздер керек. Сыртынан ошондой көрүнгөнү менен Текебаев президенттердин тилин тапкан жагынан кыйын жигит экен. 1996-жылы Акаевдин тилин кантип таап, аны менен кантип дос болгонун окудуңуз. Албетте, Бакиев маалында аны менен тээ жаш кезден өчөштүгү бар болгону үчүн дос боло алган жок. Бирок Отунбаева менен Атамбаевдин айласын жакшы эле тапкандай болду. Бир кезде  инисин кантип куткарып чыкса, 2010-жылдан кийин Бакиевдердин мүлкүн тоноп, күнөөсү далилденип калган фракциялаштары Туратбек Мадылбеков менен «велосипед ууру» атка конгон Райкан Төлөгөновдорду калкалаш үчүн ажо досу Атамбаевге жагынуунун бийик үлгүсүн көрсөтүп, учурда анын саясатын кадам сайын колдоп, кыйкырып турган чагы. Кечээ эле Бакиевдин диктатуралык саясатын катыра сындап, «бардык жергиликтүү жетекчилерди эл өзү шайлашы керек» деп бакырып жүргөн Текебаев бүгүн тескери саясатты жактап, кечээги айткандарын бүгүн жокко чыгарып турган чагы.

2002-жылы Аксы окуясынын чыгышына себеп болгон Үзөңгү-Кууш маселеси ошол учурдагы ЖКнын мыйзам чыгаруу палатасына добушка коюлаарда палатадагы 60 депутаттын 22си залдан чыгып, добуш берүүгө бойкот жарыялашат. Алардын ичинде Азимбек Бекназаров, Эркин Булекбаев, Исмаил Исаков баштаган оппозициялык маанайдагы депутаттар дагы бар эле. Жада калса Алевтина Проненко сыяктуу башка улуттун өкүлдөрү дагы кыргыз жеринин Кытайга берилишине каршы болгон. Эгерде ушул 22 депутат толук бойдон катышпай койгондо маселе каралбай калмак. Себеби палатанын жыйыны башталып, кворум түзүлүшү үчүн кеминде 60 депутаттын 40ы катышышы керек эле. Эгер 2 адам кошулса кворум болуп, 30дан ашык добуш «макул» деп берилсе маселе чечилмек. Мындай учурда «тартиптүү», «ийкемдүү» оппозиционер Текебаевдин көмөгү абадай зарыл эле. Башында коллегалары менен кошо каршы чыгып, залдан чыгып кеткен Текебаев заматта президент Акаев менен сүйлөшөт да, «кворум болушу керек, мен катышам, бирок каршы добуш берем» деп өзүнүн партиясынан депутат болуп келген соратниги Дүйшөн Чотоновду кошо ээрчитип кирип, каршы добуш берип, бирок кворумду ишке ашырат. Себеби бийлик ага: «Сен кирип катышып эле кой, кааласаң каршы добуш бер, кворум түзүп берсең эле калганын өзүбүз чечебиз» деп шарт койгон эле. Ошентип Текебаевдин кечирилгис «тарыхый» эки жүздүүлүгүнөн улам кыргыз жери миңдеген гектар аянты менен Кытайга өтүп кеткен.

P.S Кийинки санда Текебаев кантип спикер болгону, Акаевди кандайча сатканы, Отунбаевага одураңдаганы, Түптө митингчилерди кантип алдап кеткени, НТВ телеканалынын кабарчыларына эмне деп сөгүнгөнү тууралуу кеңири баяндалат.

Булак: "Мекендештер”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021