6 марта 2013, 15:36

Депутат Т.Бакир уулу: Мен Ө.Текебаевдин күнөөсүн чукууну максат кылган жокмун

Мен Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүн чукуш үчүн эмес, конституциянын каталарын оңдоо үчүн комиссияны жетектөөгө макул болдум, деп билдирди «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу.

Ал мындай ойду бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Ата Мекен» фракциянын депутаты Өмүрбек Текебаевдин Конституциянын айрым жоболорун өзүнүн кызыкчылыгына ыйгарып алгандыгы боюнча ММКларга жарыяланган маалыматтардын негиздүүлүгүн иликтөө боюнча комиссиянын жыйынтыгын кароо учурунда билдирди.

Анын айтымында, комиссия төрайымы Галина Скрипкина ишин кээ бир себептерден улам жетектөөдөн баш тарткандан кийин төрагалыкка макул болгон. «Мен Ө.Текебаевге каршы деле эмесмин. Болгону, бул комиссия аркылуу Конституциянын кемчиликтерин оңдоп алалы деп атабыз», - деди депутат.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021