6 марта 2013, 15:41

Караколдо кайрадан митинг..

5-мартта Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында 400гө чукул адамдардын катышуусунда тынчтык митинги болуп өттү. Алгач митингчилер облустук мамлекеттик администрациянын алдында чогулушуп, колдоруна "С.Жапаров менен "Кумтөр” элге кызмат кылсын!”, "С.Жапаров камактан бошотулсун!”, "Жаштар Жапаров менен”, "Кумтөр менен ойногон жетексилер жазалансын!”, "Чындыкты айтсаң, абакка түшөсүң!” деген чакырыктарды көтөрүп алып, "Жеңиш” паркына карай жөө жүрүш уюштурушту.

Митингде жарыш сөзгө чыккандар бийлик "Кумтөрдү” мамлекетке алууга чечим чыгарбаса, С.Жапаровду камактан бошотпосо, бул сыяктуу аракеттер улана бере тургандыгын жар салышты. Кызыгы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү укук коргоо кызматкерлери сыяктуу эле ошол жерде жүргөнү менен, "учкундан жалын тутантпай”, абалды түшүндүрүп элге чыгып сүйлөөдөн айбыгып турушту. Эмнеден коркушат да, эмнеге айбыгышат, түшүнүксүз..


булак: кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021