7 марта 2013, 07:23

Кыргызстанга Австриянын президенти келет

Бул тууралуу  ТИМ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, 2013-жылдын 14-15-мартында Кыргызстанга расмий иш сапары менен Хайнц Фишер, жубай Маргит Фишер жетектеген австриялык делегация келет. Бул расмий иш сапар – кыргыз-австрия мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болууда.

Жолугушууда негизги темалар: эки тараптуу саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, парламент аралык кызматташуу жана республикага инвестицияларды тартуу маселеси көтөрүлмөкчү.

Иш сапар алкагында Австрия президенти Алмазбек Атамабаев, Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушат.

Мындан сырткары, ар түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлуп, 15-мартта кыргыз-австрия бизнес форуму өтмөкчү.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021