7 марта 2013, 07:42

Нарында болгон митингде бийликке 13-мартка чейин мөөнөт берилди

6-март күнү Нарын шаарынын борбордук аянтында жүздөгөн адамдар күбө болгон митинг болуп өттү.Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди.

Ага уюштуруучулар жалпысы 1000ден ашуун адам катышты дешсе, айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү 900дүн тегерегинде киши болду деп белгилешти. Ал эми ички иштер органдарынын кызматкерлери 150, бир катар баамдоочулар 250дөй жаран топтолгондугун билдиришти. Бирок облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Мирлан Дыйканбаев «Тынч чогулуштар» жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренеси аткарылбагандыгын, натыйжада митинг мыйзамсыз өткөрүлөөрүн митинг башталганга чейин маалымдады.

Ошондой болсо дагы митинг башталып, анда негизинен Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү, насыяларды арзандатуу жана камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын бошотуу, ал эми Нариман Түлеев боюнча соттук кароо ишине бийлик тарабынан кысым көрсөтүүнү токтотуу маселелер көтөрүлдү. Мындан сырткары Нарындагы терминал, кадрлардын абалы, базардагы жагдайлар дагы кошо айтылып кетти.

Митингдин катышуучусу Эркинбек Өмүракунов билдиргендей, акты кара, караны ак деп айтып жатабыз. Эмне үчүн Кумтөр ууланып жатса айтпайбыз.

«Эгерде алар Кумтөрдөн суулар ууланган жок дешсе, анда ошол жерден ичип туруп элге көрсөтүшсүн. Ал эми Нарындагы терминал губернатор үчүн эле иштеп жатат. Анын күнүн губернатор эле көрүүдө», - дейт митигдин катышуучулары.

Кумтөрдөн 3 млрд 150 млн сомдук алтын казылган. Бирок Кыргызстанга бергени болгону 80 млн доллар. Ошондуктан Кумтөрдү жаап, реконструкция кылуу керек. Ал эми Нарын шаарынын дагы бир тургуну камактагы депутаттар тууралуу пикирин айта баштаганда ичи ара келишпестиктер келип чыгып, микрофон талашуу, кайым айтышуу келип чыкты. Аларды ички иштер кызматкерлери ажыратып калышты.

«Булар кантип уялбай чыгып сүйлөшүүдө. Күнөө кылгандар жоопко тартылышы керек. Тартип деген керек да. Ак үйдүн тосмосун секиргендерин бүт эл көрбөдүбү. Мына булар дагы акыйкаттык кылышпай, элге текши сөз сүйлөтүшкөн жок», - деген пикирин элге айта албай калган, өзүн Эсенбек Мамбетов деп тааныштырган жаран.

Бир маалда ичкериден облус жетекчиси Канатбек Муратбеков чыгып келип, аянттагыларга кайрылуу жасады. «Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияга мен да мүчө болгом жана жыйынтыгына кол койдум. Себеби буга чейинки бир дагы комиссия азыркыдай таза иштеген эмес. Эми 3 ай аралыгында толук жооп алынат. Кредит боюнча көтөрүлгөн маселе дагы негизсиз. Быйыл биздин облуска 10%дык үстөк менен 307 млн сом бөлүндү. Өрттөнгөн базарда соода кылгандар үчүн 5,5 млн сом жардам көрсөтүлдү. Терминалдан болсо 3,5 млн сом түшүп жатат. Мына эл күбө Нарын шаары качан ушундай абалда эле. Түнкү жарыктарга ушул акчалардан жумшалууда. Тескерисинче менин эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн терминалды Нарынга калтырууга аракеттер болду»,-деп жооп кайтарды Муратбеков.

Жыйынтыгында жогорудагы талаптар бийлик тарабынан 13-мартка чейин аткарылбаса,андан кийин мөөнөтсүз митинг болоорлугу маалымдалды.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021