7 марта 2013, 07:49

Мас абалында жол кырсыгына кабылган киши депутат Абдиевдин айдоочусу болуп чыкты

 0034KG номерлүү "Тойота" машинасынын айдоочусу мас абалында жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан журналисттерге кабарланган.

Анда маалым болгондой, 0034KG номерлүү "Тойота" машинасынын айдоочусу 6-мартта мас абалында жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал машина Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиевге таандык экенин аныкталган.

Эске салсак, Маевка айылынан айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Тартип сакчылары окуя болгон жерден машинанын бамперинин калдыктарын табышкан. Автонун өзүн кийинчерээк "Келечек" жаңы конушунан табышкан.

Шектелүүчүнүн айтымында, ал чындап эле бетон тосмону барып сүзгөн. Бирок жөө адамды сүзүп кеткенин мойнуна албай жатат. Тергөөчүлөр шаардык жана райондук ооруканаларга сурам жиберишкен жана ошол күнү эч бир жаран жол кырсыгына кабылып, кайрылбаганын билдиришкен.


булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021