7 марта 2013, 08:27

Москвада Кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Эске сала кетсек, 25-февраль күнү Москва облусунун Химки шаарындагы үйлөрдүн биринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын сөөгү табылган. Кийинчерээк өлгөн адам Кыргызстандын жараны, 1971-жылы туулган Каныбек Кожоев экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Каныбек баш мээсине алган жаракаттан улам каза болгон. Элчиликтин жардамы менен бардык юридикалык процедуралар такталып, маркумдун сөөгү Москвадан Ошко учак аркылуу жөнөтүлгөн. Адам өлтүрүү фактысы боюнча Москва облусунун укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоду.

Акыркы маалыматка ылайык,  Каныбек Кожоевди өлтүрдү деп шектелген киши кармалган. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.с

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021