7 марта 2013, 08:45

Калың бет жана канталамай. Өгүзүм өлбөсүн, өкмөтүм “кетпесин”

Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттүн келгенине алты ай болду. Алты ичинде өлкөдө кандай маселелер чечилип, кайсынысы таптакыр өкмөттүн көз жаздымында калды. Туруксуз өкмөт менен Кыргызстан жыйырма жылдан ашык мезгилден бери жашап келет. Эгемендик алган жылдардан бери өкмөт кеминде жыйырма төрт жолу алмашты. Өкмөт башчылардын жана өкмөттүн алмашкан себеби бирде президентке жакпаса, бирде парламентке жакпайт. Ал эми акыркы кездери алмашкан өкмөт менен өкмөт башчылары коалицияга жакпай абдан убара. Мурда бир президент менен бирин-экин депутаттын тепкисинде калган өкмөт эми бүтүндөй үч фракциянын соккусуна чыдабай калууда. Бирок, фракция эле аты болбосо, азыркы парламентте депутаттардын индивидуализми күчтүү. Анткени фракция лидерин сатып кетмек түгүл, көз көрүнө сөөмөйүн кезегендер четтен табылат. Ошентип, өкмөт партияга жакса, кээде партиянын мүчөсүнө жакпай кыжаалат.

 Байпактан дагы бат алмашкан өкмөткө баа эл тарабынан берилип, эл сынына коюла элек. Эл өкмөттү сындайт бирок, көчөнүн деңгээлинде. Көчө дегенибиз, эки президенттин мекенин сатып, чет жерге качып кетишине ушул кезге чейинки өкмөт башчылардын салымы жок беле?. Бар болчу. Алардын бирөөнү дагы алып келип, "Кыргызстандын экономикасын нөлгө түшүрүп, кен байлыктар менен жерлер сатылып, экономиканын минус итке минип калганына салымың бар”-деп туруп түрмөгө камай алган жокпуз. Элдин баалоосу көчөнүн деңгээлинде дегендин экинчи тарабын айтсак төмөнкүчө. Эл көчөгө чыкканда гана президенттер эл тааныгыча алаксып турушсун деп аты-жыты билинбегендерди, же эл толкуп кетпесин деп, "көпүрө болом” дегендерди койчу. Ал эми азыркы өкмөт бул аргымактын аркасынан улам келип калган. Жантөрө мырза келе электе эле, "Президент тарабынан сунушталат”-деген сөздөр чыкканда, бир катар басылмалар бул адамдын "бир кыйла” иштерин жар салышкан эле. Бирок, негедир парламент бул адамды тез эле премьерлик кызматка отургузду.

Адатта президенттинби, же өкмөттүнбү иши жүз күндөн кийин бааланчу. Ал эми азыркы өкмөткө алты ай болуптур. Кыш келээрин билип, бирок, анын катуу болорун билбеген Жантөрө мырза кышты өзүнүн өкмөтү менен эптеп-септеп жапты. Анүстүнө саясатчылар менен элдин көңүл чордонунда "3-октябрдагылар” менен "мародерлордун” иштери болуп, өкмөткө карата көңүл буруу солгундай түшкөн. Эми жаз алды менен башталчу митингдерин жыты билингенде ал кайрадан барып, өкмөт менен парламентке такалууда. Бүгүн Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөткө туура алты ай болот. Алты ай бул иштейм деген адамга кенен эле убакыт. Сатыбалдиев башбакандык кызматка кирип жатып, башкалар сыякту эле убада, антын берген. Бирок, башкалар сыяктуу эле эч нерседен жылыш жок. Жер-жерлерге барып, эл менен жолугушуп келгени болбосо маселени деле жеринен чечип жибергенин эл көрбөдү. Акыркы эл менен жолугушуусу түштүк жеринде болуп, ал жакта жүргөндө элди "Тынч болгула, митинг пикеттен сак болгула”-дегенсип, ишке үндөмүш этти. Анысы чын. Өлкөнүн башкы чарбакери болгон соң, элди талаага жумушка чыккыла дегени чын сөз. Бирок, азыркыга чейин күйүүчү майлоочу каражаттын маселеси чечиле элек жатса, эл талаага чыгып эмне кылат? Бул боюнча же айыл чарба министри кыймылдабайт, же облус башчылары кыймылдабайт. Ушу күнгө карата түштүктө жана Чүйдүн айрым жерлеринде айдап себүү иштери башталууда. Бирок, өкмөт, министрлик, же губернаторлор даяр экендигин айтыша элек. Губернаторлор демекчи, акыркы жылдары облус башчыларына жарым-жартылай укуктарды берип, бир туруп губернатор болсо, бир туруп жөн гана өкмөттүн өкүлү болуп калышты. Бакиевдер дагы, азыркылар дагы жое албаган бийликтин төрт баскычтуу системасы. Бүт баары "реформа” деген сөздү оозанышат, бирок анысы Ак үйдөн алыс чыкпайт. Бийликти реформалоонун башында жөнү жок эле кызмат орундары үчүн адамдарды алмаштыруу эмес, системанын өзүн алмаштыруу жатканын аңдап билишсе дагы аткара алышпайт. Кенедей Кыргызстанды башкаруу үчүн айыл башын кошкондо беш баскычтуу башкаруунун кереги барбы? Муну Сатыбалдиев дагы ойлонгон жок. Ушул эле кадрлык жана кызматтык алмашуулардагы өзгөрүүлөр кимдин "благасы” үчүн жасалып жатканы жалпыга белгилүү. Майда-чүйдө кызматта тургандардын бирин-экин кыскартып реформа болду дешет. Ал эми жакында артынан бүтүндөй бир команданы ээрчитип келе турган кызматтык орундарды ачты. Кыргызстандын азыркы шартында Чек ара жана коопсуздук боюнча вице-премьерлик кызмат керек беле?. Аны болсо, башбакан "Чек ара жаатында Кыргызстан алсыз болуп жатат, тең ата сүйлөшүүлөр үчүн бул кызмат зарыл”-деди. Эгерде ушул кызмат менен чегара көйгөйү толук чечилбей калса, (чечилерине эч ким гарант эмес) Сатыбалдиев жооп береби, же Атаханов жооп береби? Коңшулар "Кыргыздар чек ара боюнча жаңы кызмат ачыптыр, маселесин чечип берели”-демек беле. Мейли ачсын. Эми ошо кызматка Атахановдон башка адам жокпу? Атахановго ИИМдегилер баш ийбей өз ара тырпырап атканда, Сатыбалдиев "Ал ИИМге реформа жасайт”-дебеди беле. Же Атаханов реформасын бир айда бүтүрүп салдыбы? Жунусовду Маданият жана туризм министрлигинен кетиргени жеке келишпөөчүлүктөр негиз болгонун эртеси эле Жунусов айтып чыкты. Жантөрө мырзанын өкмөттүн ичинде дагы кимисине карата антипатиясы бар экенин келээрки өкмөттүк курамдын өзгөрүшүнөн билет окшойбуз. Чынында өкмөт бир команда эмес экенин өзүнүн ишинде далилдеп койду. Буга албетте, партсистема себепкер. Бирок, премьер-министр командасы күчтүү жана бирдиктүү болбосо бул кызматтан башында эле баш тартышы керек болчу.

Ал эми чарбада, экономикада эмне жаңылык болду? Күз башынан тартып эле кен байлык, алтын чатагы улам-улам көтөрүлүп жүрүп отуруп, акыры Кумтөрдүн иши сотто карала турган болду. Жаңы жыл алдында өкмөт башы 2013-жылдын аягында Кеминдеги Талды-Булак кени ишке кирерин жана Кумтөр жакшы иштесе 18 миң тонна алтын казыла турганын, аны менен ички дүң өндүрүм 7 пайызга өсө турганын айткан. Эми Кумтөр менен соттошуп жатсак, ошончо алтын өндүрүлөбү(?) ал дагы суроо. Сатыбалдиев кызматка келген күндүн эртеси эле Мамлекеттик Бажы кызматынын өкүлдөрү менен жолугуп кеңешме өткөргөн. Анда Бажы кызматы бюджет үчүн социалдык тармакты камсыздоочу негизги булактардын бири экени айтылган. Премьердин андагы жолугушуусунан кийин, канча жылдан бери коррупцияга баткан Бажы кызматынын иши эми оң жолго коюлуп, төлөмдөр өлкөнүн казынасына чоң пайда алып келет деген ойдо калганбыз. Жарым жыл өткөндөн кийин кандай жыйынтык болду? Кечээ жакында Сатыбалдиев кайра Бажы кызматы менен жолукса, алар ички дүң өндүрүмүнө байланыштуу бажы төлөмүнөн түшкөн каражаттардын кандай негизде казынанга түшүп жатканын түшүндүрүп бере албай коюшту. Андан дагы өкүнүчтүүсү 2012-жылда бажы өлкө казынасына төкчү милдетин 95,7 пайыз гана аткарып, жыйынтыгында 1 миллиард 351миллион сом казынага чыгаша алып келди. Миллиард сом бул Кыргызстан үчүн аз акча эмес да. Ал эми жалпы экономикада импорттун көлөмү 26,1 пайызга өссө, Кыргызстандан ташылып чыккан экспорттук товардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 15,5 пайызга төмөндөгөн. Эгерде экспорт азайып, импорт өсүп жатса, анда бажыдан түшчү акча дагы мурункуга салыштырмалуу өсүш керек болчу да. Сыртка экспорт демекчи, азыркы күнгө чейин, жеке ишкерлерге, анын ичинде жеке өндүрүшчүлөргө карата салыктын жана мамлекеттик текшерүүнүн бирдиктүү стандарты өкмөт тарабынан иштелип чыккан жок. Бул жаатта дагы койчусу көп болсо, кой арам өлөт деген абал.

Ошентсе дагы Жантөрө Жолдошевич кайсы бир сайтка 2015-жылга чейин, парламенттик шайлоо болгончо азыркы өкмөт тарабай иштесе деген ниетин билдирген. Анткен менен Бабановдун убагында күч алган күйүүчү майлоочу заттардын аткездик менен сатылып жатышына дагы деле болсо чек коюла элек. Ал эми алыскы аймактардагы Максим, кийин Бабанов башында турган өкмөттүн аз өлчөмдөгү үстөк кредити дагы деле болсо, айылдын атка минерлеринен жана аким менен айыл өкмөтүнүн жакындарынан ашпайт.

Иши кылып, азыркы өкмөт деле Кыргызстанды "Быржыбайды там басты” кебетесинде калтырат. Бул күтүлө турган нерсе. Себеби Кыргызстандын эгемендик тарыхында бир дагы өкмөт башчы сурак берип, "аркы жакты” көрө элек. Көрүп келгендери деле эч нерсени кыйраткан жок. Эки революцияга, андагы элдин канына жалгыз гана эки адамды түртүп, сыртынан жазалап койгон туура эмес.(М.Э)

Булак: "Кереге" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021