7 марта 2013, 09:17

Ташиев+Мырзакматов

Оштун и.о мэри Мырзакматов кайрадан ордунда калуунун камын аябай көрүп жатат. Бир жума Бишкекте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ошко кеткенине 4 күн болду. Ташиев+Мырзакматов биримдиги түзүлүп, Ош, Жалал-Абадда митинг өткөрүү аракети башталды. Булардын максаты, Мырзакматов мэр болуу, Ташиев түрмөдөн эртерээк чыгуу. Бул тууралуу бийлик менен сүйлөшүүлөр болгон. Бийлик Бекназаров, Бабанов баштаган топко кошулбай, элди сооротуп, жаздан аман чыгарып берсеңер тилегиңер аткарылат дептир. Ал үчүн Ош, Жалал-Абадда Мырзакматовду мэрлике коюу, Ташиев, Жапаровду боштондукка чыгаруу талабы менен митинг уюштуруу, бийлике "давление” кылуу аракетин жасоо, анан бийлик аргасыздан аткарган түр көрсөтүш керек экени айтылган. Албетте, бийлик Ташиевди жөн эле боштондукка чыгарууга бети чыдабайт. Андале кадыры капка түшөт. Демек, ушундай шылтоо сөзсүз болуш керек.  Аз күндө митингдердин күчөшү да күтүлүүдө. Аны менен өкмөт тарап, кайрадан жаңы өкмөт куралып, жаңы премьер президенттин сөзүн укпаган тың чыкма боло калат да Ташиевди чыгарууга жардам кылат. Азыр Премьер болууну түштүктөн издеп жатышкан кербези. Тыңыраагын таба алышпай убара. 

Булак: "Асман press”.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021