7 марта 2013, 09:21

Олигарх саясаттан такыр кетпейт

Премьер-министрликтен кетсе да Өмүрбек Бабанов басма сөз каражаттардын алдынкы сабында турат. Анткени өлкөдөгү олигархтардын туу башындагы адамды кеп кылбаса башы ооругандар бар. Анын айланасында ар түркүн кызыктуу "жаңылыктар” баш багып чыгат. Бири төңкөрүштү так ушул Бабанов каржылап, мамлекетти будуң-чаңга аралаштырып ажо болот экен десе, экинчиси Атамбаевге жигитче сөз берген антүүгө бети чыдабайт деп соктурат. Айрым жазмакерлер анын байлыгын санай албай убара. Себеби ага эгерим санаты жетпейт. Бул чындык. Буга толтурулган декларация деле айкын күбө эмеспи?

Убагы келди дедиби жакында Өмүкең узун сабак кеп козгоду. Көрсө Атамбаев экөөнүн ортосунан жарышка чыгарышка атайын топ бар имиш. Болгондо да Шаршеновичти шайтан көпөлөктөй айланчыктап жүргөн эргулдар экен. Эң башкысы – ал эч кандай төңкөрүлүштү колдобосун билдирди. Анткени менен саясаттан түк кетпей турганын, андан көрө партиясын күчтөндүрөрүн так кесе айтты. Демек, ал арканды алыска ыргытты. Бул – убакыт келгенде өлкөдө биринчи адам акыры мен болбогондо ким болот деген жооп.  Ашыкпаган кыр ашат дегенге анын канаттуу сөздөрү шайкеш келерин убакыт көрсөтөт.(М.Э)

Булак: "Мекен Инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021