7 марта 2013, 09:25

Чак түштө атышкандар көбөйдү

Шумдугуң кур дебегенге аргасызбыз. Биздин "разборкалар” эми курал-жарак колдонуу менен коштолуп калды. Анткени төңкөрүштүн кедери аркылуу мамлекетке өткөрүлбөгөн куралдар, ок-дарылар шектүү адамдардын колунда жүрөт. Ал эми мыйзамдан чочулагандар алда качан өткөрүп беришкен. Тескерисинче пайдасы тийип калар деген эргулдар белине тапанча кыстарып жүргөнү да ырас. Өтө "крутойбуз” дегендер автомат Калашниковду оюнчуктай эле машинесинин салонуна салып алып жүрүшөт. Дүрбүлүү мылтыктар да көпчүлүк элден корккон көпөстөрдүн үйүндө бар экендигин билебиз. Кээ бирөөлөрү анысын мыйзамдаштырып да алууга үлгүрүшкөн.

Өткөндө таламандын так түшүндө эки жигитке ок тийип, бирөө бутунан жаракат алса, тилекке каршы экинчиси жарык дүйнө менен коштошту. Себеби, алган жаракаты оор экен. Укмуштуунун төөсү жорго экенин көрсөткөн Кара-Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин депутаты да тапанча менен кармалды. Көрсө ал "душмандарын” ошонусу аркылуу коркутуп жүрчү экен. Дагы жакшы оперлер аны кылтакка түшүрүштү. Болбосо бирөөнү майып кылып коймок. Айтор, дале болсо элдин ичинде тапшырылбай калган куралдар коркунуч жаратууда. Демек, мыйзамды күчтөндүрүш керек болуп турат.(М.Э)

Булак: "Мекен Инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021