7 марта 2013, 10:03

Ж.Сатыбалдиев айымдарды майрамы менен куттуктады

 
Урматтуу энелер жана эже-карындаштар!

Сиздерди 8–март аялдардын эл аралык күнү менен кыргыз өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздер биздин жашообуздун жарыгы, өмүрүбүздүн чырагы, турмушубуздун көркүсүңөр.

Эне!.. Аял!.. Бул сөздө ааламдын башталышы, дүйнөнүн жаралышы жатат. Дүйнө адам баласына мына ушул Ыйык сөз менен башталат. Бул жашоодо энеден өткөн бийик да, ыйык да түшүнүк жок. Эзелтен элибизде "Эненин сүтү – ыйык” деп келишет. Бул дүйнөнүн бүткүл жыргалы менен куралы, кубанычы менен кайгысы, арманы менен азабы эненин балага төккөн мээрими алдында эчтекеге арзыбайт... Эне деп ааламга келип, эне деп ааламдан кетебиз... Эненин мээриминде Жараткандын нуру ыйык сүтүндө мүрөктүн түбөлүктүүлүгү жатат...

Анткени, баарыбыз бул дүйнөгө эненин мээриминен, уйкусуз түндөрүнөн, аалам көтөргүс улуу мээнетинен келгенбиз... Аялзаты бактылуу, бардар турмушта жашоого татыктуу, сиздердин алдыңыздарда чоң жоопкерчилигибиз, адамдык бийик парзыбыз бар экендигин дайыма сезебиз.

Менин терең ишенимимде, элибиздин жашоосу оңолуп, апаларыбызга, эже-карындаштарыбызга татыктуу жашоону жаратып беребиз.

Сиздер үйдүн кутун, өчпөс коломтосун энелик сүйүүңүздөр менен сактап келесиздер. Биз сиздерге дайыма жашообузга көрк кошуп, бактылуу өмүр сүрүшүңүздөрдү тилейбиз, турмуштун улуу көчүн мындан ары улай бериңиздер. Бекем ден-соолук, узун өмүр, чексиз бакыт каалаймын!

Бар болуңуздар, асылзат энелер жана айымдар!

Майрамыңыздар кут болсун!

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021