7 марта 2013, 10:20

Адвокат: Депутат Мадылбековдун баласынын ден соолугу начарлап кетти

Депутат Турат Мадылбековдун баласы Элдар Мадылбековдун ден-соолугу начарлап кетти. Бул тууралуу анын адвокаты Мырсалы Осмонкулов бүгүн, 7-мартта, "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки айда Элдардын ден-соолугу абдан начарлаган. Ага тийиштүү медициналык текшерүү жүргүзүлбөй атат жана ал гепатит С менен ооруйт. "Башкы прокуратура жеке клиникалардын биринде өздөрүнүн медициналык текшерүүсүн жүргүзгөн. Ал жактагы дарыгерлер Элдар Мадылбековду гепатит менен оорубайт деген корутунду беришкен. Бирок бүгүнкү сот отурумунда биз кайтадан экспертиза жүргүзүү боюнча өтүнүч менен кайрылабыз. Мунусунда жеке клиникада эмес, мамлекеттик ооруканада жүргүзүүнү сунуштайбыз", - дейт Осмонкулов.

Ал ошондой эле Элдар Мадылбеков бир канча жума ичинде өтө арыктап кеткенин жана тамакты эптеп ичип атканын кошумчалады.

булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021