7 марта 2013, 10:28

Оштогу жаңжалды уюштурган экс-депутат Иномжан Абдурасуловдун жакын тууганы кармалды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы менен биргеликте Тюмень шаарынан издөөдө жүргөн Абдурасулов Х.П. аттуу жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда кармалган адам Ош облусунда туулган жана ага 299-берене боюнча улуттар аралык чагымчылдыкты козутканы боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ал Оштогу июнь окуясы учурунда элдерди улуттар аралык жаңжалга үндөп, бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүп, ок атуучу куралдарды колдонгону аныкталган.

Абдурасулов Х. 2010-жылкы коогалаңдуу Ош окуясын уюштургандардын сап башында турган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Иномжан Абдурасуловдун жакын тууганы.

7-март күнү колго түшкөн Абдурасулов Х. Кыргызстанга жеткирилди

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021