7 марта 2013, 10:46

А.Жээнбеков айымдарды майрамы менен куттуктады

 
Урматтуу асылзат айымдар!

Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргызстан айымдарын Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.

Сиздерди жалпы Жогорку Кеңеш депутаттарынын атынан жергебизге жаз чакырган, элибизге жарык маанай тартуулаган Эл аралык аялдар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли эзелтен эле кут даарыган аялзатка өзгөчө сый мамиле жасап, үйдүн куту, очок ээси катары караган. Аялзат биз үчүн – мээрман эне, асылкеч жар, күйүмдүү эже-карындаш, жароокер кыз. Ансыз адамзат турмушун элестетүү да эч мүмкүн эмес.

Түптүү кыргыз журтунан өз элине тээк болуп, арты узун сабак аңызга айланган айымдар арбын чыккан. Азыр дагы арабыз бош, уучубуз куру эмес. Аялдар коомдогу зор күчкө айланды. Алар мамлекеттик кызматта да, парламентте да, саясатта да, бизнесте да, жарандык коомдо да өз ордун таап, ишке батыл аралашып, талыкпай турмуш жүгүн тартып келет.

Бар тилегим ушу: жашоо жарыгы, үйдүн куту, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуу менен, өлкө келечеги, улут урку үчүн жасап жаткан адал эмгегиңиздердин, илгери үмүтүңүздөрдүн үзүрүн көрүп, жаз баарындай дайым жаш, дайым сулуу, гүлдөй назик боло бериңиздер.

Дагы бир ирет – майрамыңыздар кут болсун! Ар бириңиздерге чың денсоолук, узак өмүр, ушул жаздын жаркын күнүндөй ачык маанай каалаймын.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021