7 марта 2013, 10:59

"Ата-Мекенчи" депутат кече бир адамды тапанчасы менен атып салганы үчүн камакка алынды

"Ата-Мекенчи" депутат кече бир адамды тапанчасы менен атып салганы үчүн камакка алындыКечээ, 6-мартта Бишкек шаарында "Ата-Мекен" партиясынан жаңы эле Кара-Көл шаардык кеңешине депутат болуп шайланган, ИИМде ОПГнын мүчөсү катары оперативдик учетто турган "Жин" каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев бир бизнесменден чоң акча талап кылып, "разборка" жасагандан кийин тапанчасы менен атып салган. Ок жеген киши катуу абалда  орууканага жеткирилген. Тез арада түзүлгөн оперативдүү топ Алтынбек Арзымбаевдин изине түшүп кармап камакка алган. Ал азыр милициянын убактылуу кармоочу жайында олтурат, - бул тууралу бизге ИИМдеги жеке булактарыбыз билдирди, - ал маалыматка ылайык бүгүн "Ата-Мекен" партиясынын айрым жетекчилери бул ишти жаап коюп, маалыматты сыртка чыгарбоо үчүн жанталашып жүрүшөт. ИИМдин жаңы министри "Ата-Мекенден" коркпой бул маалыматты бүгүн ачык жарыялайбы же жокпу күтө туралы.

 булак: "Кыргызтудэй"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021