11 марта 2013, 09:16

«Республика» фракциясы 11-март күнү кезексиз сессияда И.Өмүркуловду жок эле дегенде 33 добуш менен кетиребиз деп ишенимдүү жүрөт

Өткөн жумада Бишкек шаардык кеңештин оппозициялык «Республика» фракциясынын депутаттары кеңештин төрагасы Марат Аманкуловго шаардын мэри Иса Өмүркуловду кызматтан кетирүү маселесин кароо үчүн жакынкы күндөргө кезексиз сессия чакырууну сурап расмий кайрылышкан.

"Кыргызтудей" сайтында жазылгандай, акыркы мезгилде шаардыктар мэр Иса Өмүркуловдун өз кызматында алгылыктуу иштей албай жатканына кыжырданып, нааразычылык акцияларын уюштуруп башташкан. Алтургай мэрдин ишине шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясындагы КСДП, «Ата Мекен» жана «Замандаш» фракцияларынын көпчүлүк депутаттары да ичи чыкпай жатканын сезген оппозициялык «Республика» дароо ушундай демилге көтөргөн.

Шаардык кеңештин төрагасы, КСДПчы Марат Аманкулов мындай сунушту четке кагуу укугу бар экенине карабай, чагылгандай тездик менен чечим кабыл алып, Бишкек шаардык кеңештин кезексиз сессиясын 11-мартка дайындаганына байланыштуу Ак үйдүн 7-кабаты Иса Өмүркуловдун кызматтан кетишине каршы эмес экенин баамдашкан.

Буга кошумча болуп Жантөрө Сатыбалдиев баштаган кыргыз өкмөтү Бишкек мэриясынын ишин карап, Иса Өмүркуловдун шалаакылыктарын катуу сындаган. Жаңы эле миллиондогон бюджеттик акчаларга салынган жолдордун жарым жылга жетпей талкаланып калышы, шаар көчөлөрүнүн акыр-чикирге толуп кетиши, салыктардын жыйналбай жатышы сыяктуу олуттуу күнөөлөр мэрге тагылгандан кийин элдин баары Иса Өмүркулов 11-мартта кетет деп калышкан.

Бирок Өмүркулов да жөн жатпай, 7-кабаттагы «крышасына» чуркап, шаардык кеңештин төрагасы, КСДПчы Марат Аманкулов менен тынымсыз тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Кыязы мэрдин башына үйүлгөн кара булут бир аз да болсо ачыла баштады окшойт.

5-мартта Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов, КСДП фракциясынын лидери Аманбай Кайыповду чакырып алып, жашыруун сүйлөшүшүптүр.

6-мартта шаардык кеңештин КСДП фракциясынын лидери Аманбай Кайыпов «Ата Мекен» фракциясынын лидери Союзбек Салиев менен «Замандаш» фракциясынын лидери Таалай Сагыновду чакырып алып, «Албетте, Иса Өмүркулов иштей албай жатат, 11-мартта аны кетирип салсак жакшы болмок. Бирок, биз үч фракция башкаруучу көпчүлүк коалициясы болобуз. Ошондуктан 11-мартта оппозициялык «Республика» фракциясынын демилгесин колдоп берсек, алардын авторитетин өстүрүп, өзүбүз уят болуп калабыз. Ушуга байланыштуу 11-мартта Иса Өмүркуловду сактап калалы да, кийин бир аз убакыт өткөрүп, өзүбүз - көпчүлүк коалициясы демилге көтөрүп чыгып чаап салалы» деп сөзгө муютат.

7-мартта мэр Иса Өмүркулов шаардык кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарын бөлүп чакырып, «Менин кемчиликтерим жок эмес, бар, мен аларды жоёмун. Силерде кандай сунуштар бар?» деп аябай ийкемдүү, сылык, койдон жоош болуп калыптыр дейт шаардык депутаттар. «Атамекенчи» депутаттар шаардык аткаруу бийлигинин кызмат орундарын мэр өзү жалгыз эле чече бербей, көпчүлүк коалициясынын фракциялары менен бөлүшүүгө чакырыптыр. Жоошуй түшкөн мэр ага да макул болуптур.

Ошол эле күнү Иса Өмүркулов «Замандаш» фракциясынын депутаттары менен да жолугушуп, ушундай мазмундагы эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр.

Мындай сүйлөшүүлөргө, албетте, «Республика» фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев жана депутаттары чакырылган эмес. Ошондуктанбы, айтор, биздеги маалыматтар боюнча, «Республика» фракциясы 11-март күнү кезексиз сессияда Иса Өмүркуловду жок эле дегенде 33 добуш менен кетиребиз деп ишенимдүү жүрөт. Ал тургай кайсы "республикачы" кайсы коалициячыл депутат менен иштөөсү керек экендигин бөлүп алып, жекеме-жеке иштөөгө аракет кылып жатышыптыр.

Булак : Kyrgyztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021