11 марта 2013, 09:27

Июнь коогалаңында каза тапкан жарандардын энелери нараазычылык акциясына чыгышат

Ак үйдүн алдында бүгүн, 11-мартта, 2010-жылдын июнь окуясында каза тапкан жана дайынсыз жоголгон жарандардын энелери нараазычылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу аталган акциянын катышуучусу, Ош облусунан келген Дилбар Көчкөнова журналисттерге билдирди. 

Белгилей кетсек, анын 1979-жылы туулган уулу Алмаз Аскаровду июнь коогалаңында өлтүрүп кетишкен.

"Ушул окуялардын баары Бакиевдерди кууп чыгабыз деп болду. Ооба, кууп чыгышты, бирок баласыз калган ата- энелер эмне кылышыбыз керек? Жогорку сот облустук сотко кайра кароо үчүн берди. Айыпталуучулар күнөөнү бири-бирине оодарып жатышат. Биздин бир эле каалообуз бар: күнөөлүүлөр жооп берсин. Бирок Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева эч кандай чара көрбөй жатат. Биз депутаттардын жыйынына катышып, аларга келген максатыбызды жана койгон талаптарыбызды айталы деп жатабыз”,- деди ал

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter