11 марта 2013, 09:55

Жол «тудэй» - Атамбаев аркалыктарды эмес, акаевчилерди аркалай баштады

Акыркы мезгилдеги кадрдык өзгөрүүлөрдү карап көрсөк, президент Атамбаев Акаевдик кадрларга басым жасай баштады. Буга чейин эле акаевдик вице-премьер Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башына алып келди эле, ал Бабанов чогулткан ундун аягына чыгып, эси ооп отуруп калды. Акаевдин да, 
Бакиевдин да заманында "Акуну” менен оппозицияга ор казып, дайыма авторитардык бийликти колдоп келген Чыныбай Турсунбековду "түшпөс хан”, фракция жетекчиси кылып жетелеп жүргөнү менен, ал элдин жашоосун ойлобой, унунун баасын кымбаттатканды гана ойлоп калды. Акаевдик биринчи вице-премьер Жоомарт  Оторбаев биринчи вице-премьер,Тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Абдылдаев Эрлан Тышкы иштер министри, Ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев Ички иштер министри. Акаевдик чиновниктер: Данияр Нарымбаев президенттик администрация башчысы, Абдил Сегизбаев президенттин кеңешчиси, Ольга Лаврова финансы министри, Автандил Калмамбетов энергетика министри, Калыкбек Султанов транспорт министри, Үзөңгү-Куушту Кытайга берүү үчүн үзүлө чуркашып элдин каргышына калган, акаевчил депутаттар Тайырбек Сарпашев вице-премьер, Темир Сариев экономика министри.

Булар аз келгенсип Аскар Акаевдин жан досу, учурунда кыргызстандыктардын ден соолугун талкалаш үчүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ышпалдасын чыгарган соң, мамлекеттик катчы, Ош облусуна губернатор болуп кеткен Накен Касиев өзүн-өзү тейлөө агентчилигин жетектеп, акаевдик "замминистр” Султан Раев маданият министри, Акаевдин заманында баласын министрге түртүп коюп, өзү юрист болуп жүргөн Бабырбек Жээнбеков антимонополияга каршы агенттикке башчы болуп келди. Эми Султан Раев артисттерге драматургия жазып жүруп, өзү деле артист болуп калды. Ким келсе да министрдин "образына” түз эле кирип кетет. Ал эми Бабырбек Жээнбеков акыйкатчыл адам катары, базардагы бааларды ооздуктаганга жарап берер, мобуреки Акаев, Бакиев заманында "такымын  жеп бүтүргөн” Касиевге окшогон чалдарга мансап берип, элдин кыжырына тийип эмне кылат? Же Касиевдин чөнтөгү кененби?


"Кыргызтудэй”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021