11 марта 2013, 10:00

Жалал-Абадда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жалганчы кызматкерлери аныкталды

 УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жалал-Абад облусунда бюджеттик жана жеке уюмдардын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн мыйзамсыз текшерип келген УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жалганчы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган топтун мүчөлөрү "Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук уюмунун кызматкерлери болуп саналат.

Ал коомдук уюмдун жетекчиси Ж.Пазылов жана уюмдун мүчөлөрү Б.Кыргызбаев, К.Кыргызбаев, А.Өскөнбаев жана В.Дүйшөналиевалар 2012-жылы «Жалал-Абад суу канал» муниципалдык ишканасынын каражаттарын алып коюшкан.

Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш кодексинин 166-беренесинде (алдамчылык), 343-беренесинде (кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүүдө.


булак:баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter