11 марта 2013, 10:05

Дастан Бекешев: Тамеки бөлкө нандан арзан болбошу керек

Тамеки рыногундагы салык – өндүрүүчүлөр жана ташуучулар үчүн Кыргызстанга арзан тамеки алып келүүгө ыңгайлашкан жана алар үчүн мындай ыкма кирешелүү. Бул тууралуу бүгүн тамекиге болгон акциздик салыктын көбөйүшүнө арналган коомдук угууда "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө "колдонуучулардын түшүнүүсү оор болгон тамекиге болгон салык системасы бар". Миң сигаретке берилчү 150 сомдук акциздик салыктан тышкары, чекене максималдык баага 8%ын кошумча салык бар. Жыйынтыгында наркы 60 сомдук болгон тамекилерге 8%дык кошумча салыкты төлөбөө үчүн ташуучулар өлкөгө арзан тамекилерди алып келүүдө.

Азыр болгону кошумча салыктардын ордуна акциздик салыкты 280 сом кылуу сунушталууда.

Бекешевдин айтымында, Кыргызстан эларалык саламаттыкты сактоо уюмунун конвенциясын ратификациялаган соң чылым чегүү менен күрөшүү үчүн тамекинин баасын жогорулатуу керек. "Бир пачка тамекенин баасы бөлкө нандын арзан болушун мен туура эмес деп ойлойм", -дейт депутат.

булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021