11 марта 2013, 10:18

Б.Жээнбеков «КГБдагы» санаалаштарын «кидайт» этти, окурмандарын «сатып» кетти, - «Айбат»

Б.Жээнбеков «КГБдагы» санаалаштарын «кидайт» этти, окурмандарын «сатып» кетти, - «Айбат»Акыркы учурда «Алиби» гезитинин негиздөөчүсү, башкы редактору Бабырбек Жээнбеков мырзанын оппозиция тарапта үнү катуу чыгып келе жатканы кимге жашыруун, деп жазат «Айбат» гезити.

Б.Жээнбеков менен көп жолу «челиштик», гезит аркылуу бири-бирибизге далай жолу «арзуу катын» жазыштык. Журналисттердин ортосуна «чок» салып, оппозициялык маанайдагы «Кыргыз гезиттеринин биримдиги» («КГБ») кыймылын түзө салды. Анан бийликти оңду, солду согуп, шыбап жатып, кызматтан «куулганынын» ызасын ушинтип чыгарды. Журналисттерди «оппозиция», «позиция» деп жиликтеген да ушул киши болду. Ара чолодо биздин гезитке да тийишип өттү. Аксакал катары жаш журналисттерге акыл айткандын ордуна 4-бийликтин ичине бүлүк салды.

«Кыргыз Гезиттери Биримдиги» аттуу бир нече гезиттердин башын бириктирип, оппозицияга өткөнүн жарыялап артка кайтпачудай да болуп күүлөнүп жаткандай түр көрсөтүп барып, «быш» этип калганы кызык болуп туру. Мындай дегенибиздин себеби, Бабырбек мырза Мамлекеттик монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды. «КГБдагы» санаалаштарын «кидайт» этти, окурмандарын «сатып» кетти. Албетте, алдын ала «ажыраш аяк» өткөрүп: «Тигил жакка кызматка барайын. Акча топтогондон кийин антимонополдун эшигин «тарс» жаап баса берем» деп «КыГыБычыларды» «сооротумуш» этти деңизчи. Бирок, кресло дегенде жатындашын да сатып кеткенден кайра тартпаган Жээнбековго «КыГыБычылар» түгүл, жамы журт ишенбей калбадыбы?! Жээнбековдун алы-кубаты агенттиктин директорлугунчалык эле бар экен. Бийликке барбайм, Күмөндөрчөсүнөн айтканда "жок алданбайм”, деп атты эле... Атаңдын гөрү алкым, мансап дегенде эмне гана болуп кетишет айрымдар. Эми буга оппозициянын айрым бир лидерлери кандай карап жатты болду экен десең? Же алардын айрымдары да Бабырбек мырзачасынан бирден креслону басып, ошону менен ооздору жап болоор бекен? Анткени өкмөттүн курамы жаңыдан түзүлүп, чиновниктер кайрадан шайланат эмеспи.

Эмне демекпиз? Канча айдан бери «кылыктанып» жүрүп, бийликке сес көрсөтүмүш этип, «КГБны» түзүп, эл арасында айтылып жүргөндөй оппозициянын «маалымат согушун» жүргүзүш үчүн «ата журтчу» Акматбек Келдибеков менен «республикачы» Өмүрбек Бабановдон алган 100 миңдеген «долларбайыңыз», Ош мэри Мелисбек Мырзакматов «белекке» берген долларларды капчыгыңызга салып туруп, «ат айланып казыгын тапкан» сыңарындай, түндөсү түшүңүздөн, күндүзү оюңуздан кетпей, эңсеп, дегдеп жүргөн мамлекеттик монополияны жөнгө салуу агенттигинин директорлук орунуңуз "кут” болсун!, деп жазылган гезитте.

Булак : Айбат



купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021