11 марта 2013, 10:27

Дастан Сарыгулов: «Аскар, Майрам Акаева аркылуу миллион доллар сураганыңды унуттуңбу?»

Акаев маегин «Мен эми чындыкты айтам» - деп баштаптыр. Анын чындыгы, «Сарыгулов Акаевди каралап турбаса, башы ооруп калат» имиш. Анда мен да болгон чындыкты кыргыз элиме айтып берейин. 1992-жылы жай айларында Канадага учуп барып, эл аралык аферист Бирштейндин (кийин соттолуп кетти) коногу болуп, кµрсµткµн «сый-урматына, чай-пайына» эрип кетип, Кумтөр боюнча акылга сыйбаган биринчи келишимди Канададан Чынгышев, Өмүралиевдерге кол койдуруп (Кыргызстандык адистерди катыштырбай, эч бир талкууга койбой) келген адам Акаев болчу! Ал келишимде Кыргызстандын үлүшү араң эле 50% эмес эле. Кийин далай-далай азап менен, аны 60%, дагы аракет кылып 67% араң көтөрдүк!! 1992-жылы күзүндө Жогорку Кеңештин жыйынында ал келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербегенин ачык айтып чыккан мен, Сарыгулов болбодум белем! Ал келишимде менеджмен акысы 10% эле, кийин кыйынчылыктар менен аны 4,5% млн.долл. Кыргызстанга кайтарылып берилбеген ж.б. толгон-токой кемчиликтерди, каталарды минфин, минэкономика, мингеология, минэнерго ж.б. министрликтердин адистердин катышуусу менен араң оңдоп, түзөтүп, Кыргызстан үчүн пайдалуу кылбадыкпы. Келишим кыйла оңдолуп, түзөтүлүп, Жогорку Кеңеште каралып, талкуулангандан кийин мага ыраазычылыгыңды билдирип, рахматыңды айтканыңды унутуп койдуңбу?

"Д.Сарыгулов бардык күнөөнү Чынгышевге оодарып, өзү адатынча "сүттөн ак! Болуп чыга келген” деп, мени "көө менен шыбап” кетипсиң. А чынында, Канадага барып, акылга сыйбаган келишимге Чынгышев менен Өмүралиевге ( ал кезде экономика министри) кол койдуруп, (алар кантип кол коюшту мен билбейм) "боткону” өзүң башында туруп, чалып келбедиң беле?!

Эми дагы бир калпыңды жокко чыгарайын. Сен маегиңде "Д.Сарыгулов 1998-жылы. өкмөттүн макулдугу жок келишимге толуктоо киргизип, "Камекону” айрым салык төлөмдөрүнөн бошотуп коюптур. Андагы өзүм билемдиги үчүн Сарыгулов кызматтан алынган. Ошондон тарта өч алуу максатында мени каралап турбаса ооруп калаары бышык” деп айтыпсың.

Биринчиден, 1994-ж. 29 министр кол коюп, Өкмөт расмий бекиткен келишимге Өкмөт гана тоуктоо киргизе алмак. Келишимге 1998-жылы мен толуктоо киргизген күндө да, аны салык кызматы тоотмок да эмес, аткармак да эмес.

Сен мага куугунтукту 1997-ж. Баштап (жерге жеке менчик киргизгениңди мен депутат катары ага катуу каршы чыкканымда, Жумалиевди премьер-министр кылганыңда "Жемсөөсү чоң канаттуу өтө бийик уча албайт” деп Жогорку Кеңеште айтканымда, эки жыл бою Керексизов Талас элин сыйлабай, эки күн да Таласка барып койбогондо "Таласоблусун жоюш керек” деген маселе каралганда, мен Жогорку Кеңеште "Битке теңелип тонубузду отко ыргытабызбы?” деп айтканымда), 1997-1999-жылдары 7 жолу комиссия түзүп, "Кыргызалтынды” тынымсыз текшертип, мага жок жерден жамандык издеп, эчтеке табалбай, айлаң кетип, "Кыргыалтынга” корпоративдик башкаруу киргизгенге байланыштуу” деген шылтоо менен, мыйзамды одоно бузуп, мен эмгек эс алууда жүргөнүмдө мени кызматтан бошотконуңа кубанып, бир жума дачаңда арак ичип жатпадың беле?! Менден аялың аркылуу (сенин макулдугуңду албай ал минтип мага айта албайт болчу) бир миллион доллар акча накталай алып кел дегенде "алтын-элдики”. Мен болгону жалданган кызматчымын. Ал акчаны бере албайм” – деп мжооп бергем. "Анда бөлөк адам сенин ордуңа барып, алып келет” – деп, аялың коркутканда, мен "анда бөлөк адамды коюп алгыла” деп чыгып кеткем.

Мына ушундай окуялардан кийин сен мени кызматтан алып, ак жеримден кылмыш иш козгоп, 6 жыл (1999-2005-жж. сен качып кеткенге чейин) үй камакка алдыргансың. (Ушул тапшырмаңда ийгиликтүү аткарган үчүн насили кыргыз эмес иниңди ага тергөөчүдөн өз администрацияңдын бөлүм башчылыгына дароо көтөрүп дайындаганыңды унутуп койдуңбу??).

(15 жыл кыргыз элин армансыз эле кордоп, насили кыргыз эместер ала албай калган өчүн толук алдың. Сенин ким экениңди, насилиң ким экендигин бүгүн кыргыз эли жакшы билет. Бүгүн сен чындыкты айтсаң да, кыргыз сага ишенбейт. Ал эми канча мени жамандасаң да, эл алдында жүзүм жарык, эл ичинде элим менен аралашып жүрөм. Сен болсоң, элден качып (эч ким сени куубаса да), элдин бетин карай албай, Кыргыз жерине келе албай жүрөсүң)

Экинчиден, 1994-ж. Келишим күчүндө калса, 2003-2012-жж. Кумтөр тапкан пайданын 67% Кыргызстанга тиймек, эң эле аз дегенде – 2,8 миллиард долл (же 3,5-4 миллиард доллар), же өлкөбүздөгү ар бир үй-бүлөөгө 4 миң доллардан тиймек. 1994-ж. Келишимди сен бузбаганыңда, кыргыз эли 2003-2012-жж. 130-180 миллиард сомду кумтөрдөн өз үлүшү катары алмак эле. Эгерде сен күчкө салып, адистерди, депутаттарды коркутуп, "Центеррага” кошулбай, өзү эле иштесе, Кумтөрдөн Кыргызстан 2,8 же 3,5 миллиард доллар алмак эле !

15 жыл бою президент болуп, кыргыз элин алдап келдиң. Бүгүн да насили кыргыз эмес инилериң менен кыргызды алдай берем десең, терең жаңылышасың. Бүгүн кыргыз кимдин ким экенин жакшы ажыратып , бирип калды. Мен эми түшүндүм: Кумтөрдүн айлансында уюштурган саясый оюндардын баарында көшөгө артында сен өзүң турган экенсиң, мындан ары да тура берет окшойсуң! Бабаларыбыз: "Жылмайып күлүп, жалңдап-жалмактагандан сак болгула” деп айтчу экен. 15 жыл мыйыгыңдан күлүп, жылмайып, кыргыздын түбүнө жеттиң.

Мисир досуң (Аширкулов) гезитке жазып чыккандай, сен Кыргызстандан 4,5 миллиард доллар алып чыккан экенсиң. Бирок, "Центерра” аркылуу дагы 1-2 миллиард доллар алганыңды ал билбей калган окшойт. ("Центерранын акцияларын алган эмесмин дептирсиң. Акциялардан түшкөн майда акчаларга сен тоймок белең? Акылбек Жапаров 2005-ж. Жазып чыкты эле: Акаев "Центеррадан” 500 миллион доллар алды деп. Көрсө, ал дагы адашыптыр. "Центерранын” сыры эми ачылып, элге чындык жете баштады).

Аксы эли көтөрүлгөндө айлаңды таппай калдың эле. Эми 2,8-3,5 млрд. Долл. Акчасын сага уурдатып жибергенин түшүнгөн Нарын, Талас, Чүй, Алай, Ысык-Көл, Ош, Баткен, эли көтөрүлсө, басып жүргөн орус эли сага чок болуп калбайбы?

2005-ж. Мартта элдик көтөрүлүштө сени кууп жиберелик деген ой эч кимде болгон эмес. Болгону эле "күзүндө өтчү президенттик шайлоого катышпайм” деген убадаңды алуу болчу.

Бирок, 15 жыл убакытта кыргыз элине кылган кыянат иштериңди өзүң жакшы билип, опол тоодой күнөөңдү сезген үчүн далбастап, тик учак менен заматта качып кеттиң. Күнөөң болбосо эмнеге качат элең?

Эми кыргызга кылган кыянат иштериңди учкай эле тизмектеп берейин:

- Колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды талооного салып, тыптыракайын чыгары жок кылдың. Анын азабынан далай элди жумушсуз калтырып, тентитип, чилдей тараттың;

- Үзөңгү-Кууш эч бир тарыхта кытайдын жери деп айтылбаса да, кытай ал жерди сурабаса да ага берип салдың (акысына эмне алдың аны эч ким билбейт);

- Алган келиниңдин калыңы катары Каркыраны кудаңа бердиң;

- "Кыргызпотребсоюз” пайщиктердин мүлкү болгонуна карабай, жарлыгың менен аны жоюп, элге керексиз кишини башына коюп, аялың үчөөң автолавкаларды, магазиндерди, далай миллиард рубль товарлары менен кошо "сугунуп” койдуңар;

- Аксы элин канга боёдуң.

- Кумтөрдү, жаңы эле алган кредиттерди үстөгү менен кайрып берип, башы бошогондо "Центеррага” сатып, Кыргызстанды 2,8-3,5 млрд. Доллардан кур жалак калтырдың;

- 15 жылш ичинде өкмөттү 11 жолу таркатып, ар бир түзүмүн жаңы дайындоодо "аукцион” өткөрүп ("Мээрим” фондунда) ар бир министрден далай акча чогултуп алып жүрдүң (ошол министрлер азыр да мактанып, канча акча бергенин өздөрү айтып жүрүшпөйбү);

- Кыргыз мамлекетинде сенден кийин бийлик жүргүзүп, элдин канын бүгүн да соруп жаткан коррупционерлердин атасы-сенсиң, энеси-аялың. "адамдын көздөрү маңдайына берилген, анткени алш алга жылышы зарыл” деп буддалардын сөзүн келтирипсиң маегиңде. Сенин көзүн маңдайыңда болсо, 15 жыл бийлик башында туруп, кыргыз мамлекетин 60 жыл артка сүйрөп таштабайт элең да!

Сен үрөөнүн сээп, өстүргөн” ууру саясатчылар, эи жүздүү депутаттар, оппозиция сөрөйлөр бүгүн да кыргыз элин кордоп, кууратып, сенин кылган кыянат иштериңди ийгиликтүү улантып жатышат. (Өзгөчө сенин насилдеш инилериңдин аракети зор болууда).

"Сарыгулов мени каралап турбаса ооруп калаары бышык” деп маегиңде айтыпсың. Сен мени куугунтукка алган ыплас иштериң, албетте, мага ден соолук кошкон жок. Бирок, 1999-ж. Бери 14 жыл өтсө да, мага кылган жамандыгыңды биринчи жолу ачык айтып жатам. Кеп менде эмес. Кеп, сен кыргыз элинин сый-урматын көрүп, ишенимин алып, бирок кыргызды алдап, сатып, кордоп, мазактап кеткениңде болуп турат.

Мага да, сага да эл жана мезгил өзү тараза – деп, жообумду бүтүргүм келет.

Кыргыз атуулу Д.Сарыгулов.

10.03.2013ж. Бишкек ш.

P.S. Адатынча, Акаев калп-чындыкты аралаштырып, "Арена.kg” гезитинде (07.032013-ж. Санында) жарык көргөн маегинде кыргыз элине эмгеги сиңип кеткенсип, өзүн сүттөн ак кылып көрсөтүптүр. Бул аргасыздан ошол маекке берилген жооп болду. Кыргыз элине кылган кыянат иштерин билип туруп, бул кишиге сый көрсөтүп "сиз” деп кайрылганга оозум барбай койду, ал үчүн окурмандардан кечирим сурайм.ф

булак:кытгыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter