11 марта 2013, 10:31

Өмүркулов эмнесине мактанат?

Өгүнү Бишкек мэри Иса Өмүркулов бир ММКга: «Башкаларга окшоп жер сатып, ичип-жеген жокмун» деп мактаныптыр эй. Бул тууралуу «Алиби» гезити 11-мартта чыккан санында маалымдайт.

Бишкектин тегереги жаңы конуштарга курчалып, чүйлүктөрдүн айдоо жери бырчаланып, сатылып бүткөнү качан? Анан калса депутаттардын демилге көтөргөнү саясат дейт. Ушинтип мактанганды коюп, жок эле дегенде шаардын түштүк райондоруна бир кыдырып койбойбу бай болгур.

Өзү жумушка барып келген Манас менен Чүй көчөлөрү түз болсо эле шаардын баарын жыргап жатат деп ойлойбу? Эгер чын эле ичип-жебесе, айланасы таза болсо, анда мэрлик креслого эмнеге тырмышат? Жамбашы креслого жармашып калбагандан кийин кызматын таштап кете бербейби десең, дейт гезит.

Булак : «Алиби»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter