11 марта 2013, 10:48

Таласта 20 жаштагы кызды зордуктады деген шек менен 4 адам кармалды

8-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунда 20 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен 1994-жылы төрөлгөн А.Д., 1995-жылы төрөлгөндөр Ф.у.Ж., менен М.у.Н жана 1996-жылы туулган Ж.Н. аттуу балдар кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул күнү Талас шаарындагы автобекетте токтоп турган Фольксваген унаасынын ичинде 23 жаштагы айдоочу жана 20 жаштагы кыз бар болчу. Жогоруда аты аталган төрт бала Бакай-Ата районунун айылдарынын бирине жеткизип коюуну айдоочудан өтүнүшөт. Тергөөчүлөрдүн айтымында Кең-Арал айылына жеткенде жүргүнчүлөр айдоочуну жана унаанын ичиндеги кызды бычак менен коркутуп, натыйжада кызды зордуктап салышкан. Бул аракет боюнча, Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан 4 жаранга карата Кылмыш кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

булак:super kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021