11 марта 2013, 10:57

Михаил Пашкевич: "Белоруссия Бакиевдерди бербейт"

"Лукашенко Бакиевдерди кыргыз бийлигине бербейт”- дейт белоруссиялык оппозиционер Михаил Пашкевич журналисттерге берген маегинде.

Анын айтымында, расмий Минск Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Курманбек жана Жаныбек Бакиевдерди кайтарып берүү боюнча кайрылуусуна жооп берүүнү атайылап кечеңдетип жатат.

"Лукашенко өзүнүн жактырган кечеңдетүү ыкмасын колдонуп, Белоруссия бийлиги ошентип кыргыз тарапка жоопту кеч берет. Ал эми жарандык жана үй-бүлөлүк кылмыш иштери боюнча конвенциянын талаптарына ылайык, Белоруссия Бакиевдерди кайтарып берүүгө милдеттүү. Бирок Лукашенко эл аралык мындай келишимдерди тааныбайт”,– дейт Пашкевич.

Эске салсак, 27-февралда биздин Башкы прокуратура Белоруссиянын Башкы прокуратурасына Курманбек жана Жаныш Бакиевдерди аларга карата чыккан сот чечимин аткаруу үчүн кайтарып берүүнү талап кылып кат жөнөткөн.

Буга чейин да Белоруссия Бакиевдерди саясый куугунтуктагы адамдар деп эсептеп, кайтарып берүү талаптарын канааттандырган эмес.

Кошумчалай кетсек, Бишкек гарнизонунун аскер соту 11-февралда, мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын агасы Жаныбек Бакиевге карата өз өкүмүн чыгарган. Анда, сот Курманбек Бакиевди Кылмыш кодексинин 305- беренеси боюнча айыптуу деп таап, 24 жылга бардык мүлкүн конфискациялоо менен кескен. Ал эми Жаныбек Бакиевди алты берене боюнча айыптуу деп таап, бардык мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою абакка кесүү өкүмүн чыгарган. Мындан сырткары, Жаныбек Бакиев генерал-лейтенант наамынан да ажыратылган

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter