11 марта 2013, 11:10

Турсунбай Бакир уулу: Чубак ажы өзүнүн реформаларынын курмандыгына чалынды”

"Муфтиятта болгон чыр-чатакка мен учурунда ачык эле терс баамды бергенмин”- деп Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу "Кыргызтудэй"  өз пикирин билдирди. "Уят нерсе болду. Аны жаңы муфтий Рахматулла ажыга да, анан акыркы мусулмандардын курултайында да трибунадан катуу айттым! Азыр молдокелер саясатчылардан эч айырмасы калбаптыр... Чубак ажы реформа жүргүзөмүн деп Жогорку кеңештен колдоо тапкан, бирок өзүнүн муфтиятында жана молдолордон колдоо таппады. Өзүнүн реформаларынын курмандыгына чалынды”- дейт депутат.

Эске сала кетсек, Чубак ажы Жалиловго «экономикалык ишмердүүлүгүндө атайын кылмышка барып, чарбачылык субъекти катары милдеттүү камсыздандыруу милдеттемесин аткарбай, ал жетекчилик кылып турганда муфтият салык төлөгөн эмес» деген айып тагылып, ал боюнча соттук териштирүүлөр башталган. 27-февралга Свердлов райондук сотунда белгиленген сот башталбай жатып белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Ал эми өзүнө тагылган айыптар боюнча Чубак ажы Жалилов төмөнкүдөй пикирин билдирди. "Муфтияттын ажылыктан жана башка жактан түшкөн кирешелери бар. Ошондон туумдары менен 8 миллион сом төлөгөн эмессиңер деп айыптап жатышат.  Биз муну туура эмес деп ойлойбуз. Анткени бул акчадан эч кандай салык төлөнбөйт. Зекет дагы берилбейт. Бул 20 жылдан бери төлөнгөн эмес, мындай кийин да төлөнбөшү керек. Биз Кудайдын шариятын аткарганга аракет кылдык”- дейт экс- муфтий.

  "Кыргызтудэй"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter