11 марта 2013, 11:16

Жалал-Абадда "атажуртчу" депутаттарды колдогон митинг бүгүн саат 12.00дө башталды

10:39

Эске сала кетсек, 5-март күнү Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында, камакка алынган "Ата Журт" партиясынын депутаттарын колдогон жана "Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылган митингдер болгон. Ал эми Жалал-Абаддагы Баатыр энелер мөөнөтсүз митинг жарыялап, камактагы депутаттарды 8- мартка чейин бошотуп берүүнү талап кылышкан.

Уюштуруучулардын берген маалыматына ылайык, митинг бүгүн кайрадан саат 12де башталат.

Кошумчалай кетсек, "Ата Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 2012-жылдын 3-октябрында митинг өткөрүп бийликти басып алууга аракет жасашкан деген айып менен соттолууда. Бирок депутаттар бул боюнча козголгон кылмыш ишин саясый заказ деп эсептешет.

12:31

"Атажуртчу” депутаттарды колдоо максатында уюштурулуп жаткан митингге элдин агымы токтобой келип жатат. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучусу Медер Үсөнов билдирди.

"Митинг, жааган карга жана аба ырайынын сууктугуна карабай уланууда. Дагы канчага чейин уланаары белгисиз”,- дейт Үсөнов.

11.03.2013

12:30

Атажуртчу депутаттарды абактан чыгарууну талап кылып 5- марттан бери уюштулуп жаткан митинг бүгүн да уланууда. Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулардын саны 700дөн ашуун. Мындан сырткары, Камчыбек Ташиевдин туулган айылы Барпыдан 21 атчан жигиттер келип кошулушкан.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter