11 марта 2013, 11:19

Ө.Текебаев: «Республика» партиясынын И.Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгеси – бул пиар жүрүш

«Республика» партиясынын И.Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгеси – бул пиар жүрүш, бирок мындай иштин пайдасы чоң, деп билдирди «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

«Шаардыктардын талаптарын жана күтүүсүн шаардын реалдуу мүмкүнчүлүктөрү канааттандыра албай жатат. Адамдар азыр билимдүү жана маалымдалган, ошого жараша алар өздөрүнө ылайык мамилени талап кылышат», - дейт ал.

Анын айтымында, «Шаардын статусу» тууралуу мыйзамдын демилгечиси катары, шаарды каржылоо жетишсиз жана жашоочулардын баардык талаптарын камтый албайт. Шаарды борборго айлантуу үчүн шаарды каржылоону эки эсе көбөйтүү керек. Ушул маселенин айланасында кызуу талкуулар жүрүүдө.

Ал эми ишеним көрсөтпөө тууралуу Текебаев ал фракциянын иши экенин, алар каалаган убакта мындай демилгени көтөрө алаарын билдирди. «Мындай жагдайды «Республика» оппозициялык фракциясы колдонуп калууну көздөөдө, бирок чечим көпчүлүк коалициясынан көз каранды», - дейт ал.

Мындай иштин пайдасы чоң. Бир гана шаар тургундары үчүн гана эмес, башка шаар жана айылдар үчүн прецедент болуп калышы ыктымал. Оппозиция күн тартибине ишеним көрсөтпөө маселесин, айыл өкмөтү жана шаар мэрине баа берүү жактарын билип калат. Тагыраак айтканда, оппозиция ушул маселелерди ачык кое алат. Бул маселенин оң тарабы деп ойлойм, деп кошумчалады Текебаев.

Булак : АКИpress
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter