11 марта 2013, 11:25

Ө.Текебаев: Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.Арзымбаев «Ата Мекендин» мүчөсү эмес

 
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдиргендей, кармалган Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты «Жин» каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев «Ата Мекендин» мүчөсү эмес.

Буга чейин маалымдалгандай, Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.Арзымбаев, «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү адам өлтүрүү үчүн кол салуу жана бейбаштык боюнча кармалган.

Текебаев маалымдагандай, А.Арзымбаев партиянын шаардык уюму тарабынан талапкерлердин тизмесине партияда жок талапкер катары катталган. Мыйзамга ылайык жергиликтүү партиялык уюмдар тизменин курамын өз алдынча аныктай алышат. Партиянын шаардык уюмунун мындай чечимин партиянын борбордук жетекчилиги жактырган эмес.

«Өз убагында биз А.Арзымбаевди тизмеден чыгаруу үчүн эскертүү бергенбиз, бирок мыйзамга ылайык тизмеге кирген адамды тизмеден чыгаруунун бир гана жолу бар - ал өз ыктыяры менен. Аны чыгаруу үчүн партиянын идеологиялык таасирин көрсөтүү керек. Башка чара жок. Азыр биз партиянын шаардык уюмуна кайрадан кайрылабыз, алар болгон аракеттерди көрүп, аны тизмеден чыгарышы керек жана мандатын тапшырышы керек», - деди ал.

«Дагы бир жолу айтып коёюн, ал биздин партиянын мүчөсү эмес, ал тизмеге партиясыз деп катталган», - деп кошумчалады ал.

Булак : АКИpress
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021