11 марта 2013, 11:56

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты мэриянын штатын 20%га кыскартуу керектигин билдирди

Мэриянын кызматкерлери Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларынын лидерлеринин суроо-талаптарын тоготпой жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 11-мартта «Ата Мекен» шаардык фракциясынын лидери Союзбек Салиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мэриянын иши боюнча жарандар ачык түрдө өз оюн билдирип жатканы – бул кыргызстандыктар кабыл алган Конституциянын жыйынтыгы. Башкаруу принцибин өзгөрмөйүнчө, бир дагы реформа жакшы жыйынтыктарга алып келбейт.

«Мен жеке өзүм эки жолу муниципалдык менчик башкармалыгына суроо-талабымды жөнөттүм, бирок бир дагы жолу жооп ала алган жокмун. Бул деген мэриянын жөнөкөй чиновниги шаардык кеңештин фракциясынын лидерин тоготпогондугун билдирет», - дейт ал.

Ал кошумчалагандай, шаардык мэриянын штатын 20%га кымкартуу керек.

Булак : «Вечерний Бишкек»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter