11 марта 2013, 12:07

Жаштар ынтымак, тынчтык үчүн аталыштагы тынчтык митинги өткөрүлөт

Эртең, 12-мартта саат 13:00дө Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында «Жаштар ынтымак, тынчтык үчүн» деген аталыштагы тынчтык митинги өткөрүлөт. Бул тууралуу «Кеменгер» студенттик клубунун мүчөсү Дастан Насыров бүгүн, 11-мартта АКИpress маалымат агенттигинде болуп өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда өлкөдө саясий абал солгундап, башка өлкөлөрдүн алдында Кыргызстандын аброю жоголуп бара жатат. Ошол себептен, эл арасында жүрүп жаткан «имиш» сөздөр ишке ашып кетиши үчүн же болбосо, 13-мартта болжолдонуп жаткан митингди болтурбоо үчүн тынчтык митинги уюштурулууда.

Митингдин максаты - өлкөнүн жалпы ынтымагына, элдин тынчтыгына, саясий жаңылануусуна кайдыгер карабаган, ошону менен бирге тамырын жайган коррупцияга, элди бөлүп-жарган трайбализмге жана башка жагымсыз иш-аракеттерге каршы болгон жарандарды бир бүтүн болууга чакыруу.

Аталган митингке Бишкектин баардык жогорку окуу жайларынын студенттери, жалпы эле өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган патриоттор, уюм, коом, бирикеме мүчөлөрү катышат. Маалыматка ылайык, бул тынчтык митингине миңге жакын жарандар чакырылды. Ошондой эле баардык Кыргызстандын патриот жарандары да катыша алышат.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021