11 марта 2013, 12:20

Иса Өмүркулов: “Бишкектин башкы көйгөйү - салыктын толук чогултулбай жатканы”

Учурда Бишкек шаарынын негизги көйгөйү - салыктын толук чогултулбай жатканы. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өтүп жаткан шаардык кеңештин кезексиз жыйынында мэр Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, былтыр 700 миллион сом салык чогултулбай калган. "2 айда салык чогултуунун өскөндүгү байкалды. Мындан ары да ушундай көрсөткүчтөр болот деп ишенем”,- деди Өмүркулов. Ал ошондой эле быйыл белгиленген өлчөмдөгү салык чогултулбаса ошол тармакта иштеген кызматкерлерге тиешелүү чаралар көрүлө турганын айтты. Айта кетсек, бүгүнкү кезексиз жыйында шаардык кеңештеги "Республика" фракциясы сунуштаган мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгеси каралууда.


булак :super kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter