11 марта 2013, 12:42

Кекчил депутат Арзымбаев

"Ата Мекен” партиясынан Кара- Көл шаардык кенештин депутаты Алтынбек Арзымбаев шаардык №1- тергөө абагында сот чечим чыгарганга чейин отурат. Бул тууралуу БШИИБ басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 6- март күнү Октябрь ички иштер башкармалыгына 31 жаштагы Урматбек Дүйшекеевден арыз түшкөн.

Анын айтымында, 28- февраль күнү түнкү саат 11лерде Бишкек шаарынын Токтоналиев- Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Алтынбек Арзымбаев анын бутуна аткан.

Арзымбаевге 234- берене боюнча "Бейбашчылык” кылмыш иши ачылган.



Ал эми «Вести.kg»  ал окуя тууралуу төмөнкүдөй маалыматтарды таап чыккан. Камактагы депутат Алтынбек Арзымбаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары "Жин” каймана ат менен таанылып келет. Арзымбаев ага бычак менен кол салууга аракет болгондо өзүн коргоо максатында ок чыгаргандыгын айткан.   Бул туура эмес. Дүйшекеев мурдараак Арзимбаевдин бир тууган инисине карата көрсөтмө берген. Жыйынтыгында иниси торго түшкөн. Ошондуктан Арзымбаев өч алуу максатында ок аткан.

 Бирок кесиптештери азырынча эч кандай рекция көрсөтүшө элек. "Арзимбаевге байланыштуу биздин фракция жыйналыш өткөрө тургандыгын билбейм”- деп жооп берди атамекенчи депутат Туратбек Мадылбеков.

Кошумчалай кетсек, шаардык кеңештин депутаттарына кол тийбестик берилген эмес. Эгер Арзимбаевдин күнөөсү далилденсе ал мыйзам алдында катардагы жаран сыяктуу жооп тартылат

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter