11 марта 2013, 12:50

“Республикачылар” Иса Өмүркуловго сыйы менен кызматтан кетип калууну сунушташты

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүнкү кезексиз жыйынында "Республика” фракциясынын депутаттары мэр Иса Өмүркуловго катуу чабуул жасашып, аны сыйы менен кызматын өткөрүп берүүгө чакырышты. Бирок, калаа башчысы өз дарегине айтылган сындарды кулак сыртынан гана кетирип отурду.

Айласы кеткен коалициялык көпчүлүктүн депутаттары болсо Өмүркуловду калкалап, вице-мэрди эле жумушунан кетирели деп чыгышты. "Республикачылар” буга көнгөн жок.

Ал эми Иса Өмүркулов депутаттардын дооматтарын четке кагып, мындай деди: "Эгер мен мыйзамды бузганым аныкталса өзүм эле кызматтан кетем. Бирок, депутаттар мага ишенбөөчүлүк көрсөтүүсүнө негиз жок деп эсептейм. Жумушта кемчиликтер бар, аны моюнга алыш керек. Кемчиликтерди кетиргендер босо өз жазасын алууга тийиш”.

Кыязы, бүгүн "Республика” фракциясы чакырган кезексиз жыйын шаар жетекчисинин тагдырын чече албай тургандай

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021