11 марта 2013, 13:15

“Атажуртчулар“ “3- күчтөрдүн” кийигилишүүсүнөн чочулап митинг болбой тургандыгын айтышты

Ата Журт” саясый партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов 13- марттагы митингге атажуртчулар катышпай тургандыгын жана митинг белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын "Кыргызтудэй"  билдирди.

Анаркуловдун айтымында, митингди жылдыруунун себеби партияга  "үчүнчү күчтөрдүн” иш аракеттери дайын болгондон улам болду. "Митингдин кайсы  күнү болоору алдын ала белгиленген. Камактагы депутаттардын укугун  коргоо комитети Кумтөрдү улутташтыруу боюнча тынч митинг өткөрөлү дешкен. Мындай маалыматтардан кийин айрым саясый күчтөрдүн активдүүлүгү күч алып кетти. Көпчүлүк саясый ишмердүүлүк менен алектенгендер митингди колдонуп бийликке келгилери келет. Бирок "Ата Журт” кезектеги революциянын болушуна кызыкдар эмес. Бирок саясатчылар арасында револиция кылууну каалагандар бар. Биз жер- жерлерде элдерди жыйнап, провакацияга даярдап жаткандыгын уктук. Ошондуктан азырынча депутаттарды колдоо митингдери жер жерлерде гана өтүп турат ”- дейт Анаркулов

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021