11 марта 2013, 13:24

Бишкек мэрин кызматтан кетирүүгө депутаттардын духу жетпеди

"Республика” фракциясынын шаар мэри Иса Өмүркүловго ишнем көрсөтпөө боюнча демилгесин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүгү колдоого алышкан жок. Бүгүнкү кезексиз жыйындын башында белгилүү болгондой эле КСДП, "Ата Мекен” жана "Замандаш” фракцияларынан түзүлгөн көпчүлүк коалициясы мэрди кетирүүгө каршы болушту.

Ошондой эле кезексиз жыйында Иса Өмүркуловго 3 күндүн ичинде вице-мэр В.Красиенкону, "Тазалыктын” жетекчисин, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысын кызматтан кетирүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул талаптар аткарылбаса коалициялык көпчүлүк мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрө тургандыгын эскертишти.

Ошентип, мэриянын кээ бир кызматкерлери садага чабылып Өмүркулов ордунда калды.


булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter