11 марта 2013, 13:48

Депутат А.Келдибеков: Ф.Ниязов жана ага окшогон саясатчылар кыргызды кыргызга ушактаттырып отурат

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго окшогондор ушактын үстүндө иштебей, мыйзамдын үстүндө иштеши керек, деп билдирди Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков бүгүн, 11-мартта комитет жыйынында.

Депутат мындай пикирди «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (тамеки акцизи жөнүндө) мыйзамынын долбоорун кароо учурунда айтты.

А.Келдибеков белгилегендей, тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген зыяндуулугу жана бул багыттагы мыйзамдардын канчалык деңгээлде аткарылышы тууралуу маселелердин үстүндө иштөө керек. «Фарид Ниязовго окшогон бийлик өкүлдөрү ушул сыяктуу маселелердин үстүндө иштегендин ордуна ушактар менен алектенип жатышат. Ф.Ниязов жана ушуга окшогон жалганчылар кыргызды кыргызга ушактаттырып, кыргызды кыргызга душман кылып коюп отурат. Мыйзамды аткаргандын ордуна гезиттер, сайттар аркылуу ушактарды таратып, ууру мышыктай болуп жүрөт», - деди Келдибеков.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021