11 марта 2013, 14:14

Мэр И.Өмүркуловго бир нече маселе боюнча талаптарды койдук, эгерде алар аткарылбаса анда ишеним көрсөтпөө маселесин карайбыз, - депутат К.Токтосартов

 Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго бир нече маселе боюнча талаптарды койдук, эгерде алар аткарылбаса анда ишеним көрсөтпөө маселесин карайбыз. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Камалдин Токтосартов «Баракелде» сайтына «Республика» фракциясынын мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча маселесине комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Ата Мекен», «Замандаш-Современник» жана КСДП фракциялары түзгөн башкаруучу коалициясы мэр И.Өмүркуловго мэриянын 4 муниципалдык башкарлыгы: «Тазалык» ишканасынын жетекчиси М.Кутановдун, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Б.Кудайбергеновдун, Атаандаштык саясат боюнча башкармалыгынын жетекчиси А.Багутанын,Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси М.Мияровдун жана вице-мэр А.Красиенконун жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилген.

«Мындан тышкары мэриянын 2012-2013-жылдагы отчетун тапшыруу маселеси коюлду. Ошондой эле үч вице-мэрдин Б.Дүйшембиев, М.Исмаилов, А.Усубакунованын жоокерчилигин карап чыгуу да маселесин койдук», - дейт ал.

Ал кошумчалагандай, эгерде коюлган талаптар өз убагында аткарылбаса, анда көпчүлүк коалициясы мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин карайт.

Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын каржы башкармалыгынын жана курулуш боюнча башкармалыгынын жетекчилерин кызматтан алуу тапшырмасын бердик, деп кошумчалады ал.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter