11 марта 2013, 14:21

Сегиз жаштагы бала 61 жаштагы аялга үйлөндү

Түштүк Африка Республикасынын сегиз жаштагы жараны Санеле Масилела 61 жаштагы аялга үйлөндү. Беш баланын энеси Хелен Шабангум менен сегиз жаштагы Санеле Масилеланын үйлөнүү тою Тсванеде өттү, ага 100гө жакын конок катышты.

Мындай чечимди өспүрүм өз алдынча кабыл алган. Анын айтуусу боюнча, каза болгон чоң атасы түшүндө андан 61 жаштагы аялга үйлөнүүнү суранган. Кичинекей баланын үй-бүлөсү буга абдан олуттуу көңүл буруп, эки айдын ичинде үйлөнүү кечесин уюштурушкан.

"Мындай учур чанда гана кездешет, бирок биз ата-бабаларыбыздын эркине каршы чыга алган жокпуз” – деп билдирген баланын апасы Пэйшнс Масилела.

"Хелен жана Санеле үйлөнүү учурунда бири-бирине шакек кийгизип, жубайлардай ант беришкен. Алардын туугандары жергиликтүү жашоочулардын катуу сынына кабылышкан. Майрамдан кийин сегиз жаштагы бала менен 61 жаштагы аял өз-өз үйлөрүнө кетишкен, азырынча алар чогуу жашоону пландаша элек"- деп жазат "1news.az" маалымат булагы

булак кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter