11 марта 2013, 14:54

А.Келдибеков: Биз табылган пайданын эмес, адегенде улут генофондунун келечек тагдырын ойлоого тийишпиз

А.Келдибеков: Биз табылган пайданын эмес, адегенде улут генофондунун келечек тагдырын ойлоого тийишпиз
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, тамеки өнүмүнө карата акциздик салыкты көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоорун кароо келээрки жыйынга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам демилгечилеринин бири Дастан Бекешев бүгүн, 11-мартта мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу да өткөрүп, анда тамеки өндүрүүчүлөрдөн бир катар сунуштар түшкөндүгүн, азыр алар караштырылып жаткандыгын билдирди.

Депутаттын айтымында, коомдук угуу жүрүшүндө Кыргызстан рыногунда иштеп жаткан «Реемстма-Кыргызстан», «Philip Moris» өңдүү компаниялардын өкүлдөрү азырынча акциздик салык көлөмүн көтөрүүнүн зарылчылыгы жок деген оюн билдиришкен. Алар мындай кескин чаралар контрабанданын күчөшүнө алып келүү менен, импортчулар менен өндүрүшчүлөрдү ишине кедергисин тийгизет деп эсептешет.

Тармактык комитеттин төрагасы Ахматбек Келдибеков импорттоочу компанияларга да, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө да талап катуу коюлушу керек экендигин баса белгиледи. Анын пикиринде, «Реемстма-Кыргызстан» компаниясы монополист болуу менен, кыргыз жарандарынын ден соолугунун эсебинен эбегейсиз байып жатат. «Биз табылган пайданын эмес, адегенде улут генофондунун келечек тагдырын ойлоого тийишпиз», - деди ал.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter