11 марта 2013, 15:29

Убактылуу жашоо… Убактылуу бийлик… Кыргызстан да убактылуубу?

Убактылуу жашоо… Убактылуу бийлик… Кыргызстан да убактылуубу?
"Бул жер менин атамдан калган жер эмес, бул мамлекеттин жери. Ошондуктан мен бул жерди бере албайм!.."

Модэ каган

Убактылуу жашоо… Убактылуу бийлик...

Бул суроо бүгүн ар бир кыргызстандык жарандын жанын кейиткен, жүрөгүн өйүткөн айыкпас дартка айланып барат. Бизге ким жардам берет? Мындай жардам кимдин колунан келет? Суроо көп. Жооп жок. Азырынча. Бирок, эртең эмне жана кандай болгон күндө да, Кыргызстандын акыркы жарым кылымдан берки жаңы тарыхында кетирилген кемчиликтер кайталанбашы керек. Ал кайсы кемчиликтер?
Биринчиден, мамлекеттин лидери керт башынын бийлигин жана байлыгын сактап калыш үчүн өз элинин тилин, дилин жана аруу тилегин сатпаш керек. Экинчиден, элине жат жөөттөрдүн жашоо турмуш мүнөзүн таңуулабай, "демократия" деген жомокту айтып элин алдап, талап-тоноп качпаш керек. Үчүнчүдөн, байлык менен бийлигин сактап калыш үчүн элин атпаш керек. Төртүнчүдөн, бийликке жетиш үчүн жаштарын алдап окко учуруп, карыларын карайлатып тепкилетип, бир элди экиге бөлүп кайраштырып- чабыштырып коюп, "мен эрмин", "мен шермин" деп жөөттөрдүн колунан сыйлык албаш керек. Бешинчиден, кас-досуна карабай элинин байлыгын көз көрүнөө талап-тоногондорго бирдей мамиле кылып, элдин астында тең жазасын бериш керек. Алтынчыдан, ант бергенде абайлап сүйлөп, аткара албай турган иштерин айтпай эле, "аракет кылайын" деп койсо болот.
Өзгөчө акыркы Сох анклавындагы болуп өткөн окуялар өз өлкөсүндө өгөйлөнгөн жарандарыбыздын ал-ахвалы, жашоо турмушу кандай экенин дагы бир жолу айгинелеп койду. Демек, түштүк өрөөндө тизелеп жашаган кыргыздардын саны азайбастан кайра, мал катары барымтага алынып, андан ары дагы чөгөлөп баратканы байкалат. 
Албетте, бул маселе жакын арада чечилбейт. Анткени, бул маселенин себеби тереңде жатат. Алардын эң негизги себеби - убагында "ашынган сверхинтернационалист" деп атагы чыккан Кыргыз ССРнин партлидеринин демилгеси менен кыргыз тили Кыргызстанда өгөй тилге айланып, түндүктө орус тили, түштүктө өзбек тили үстөмдүк кылып, кыргыздар Кыргызстанда экинчи сорт элге айланып калган. Алар кийин айласыздан манкурт болуп кетишкен. А манкурт деген ким экенин өзүңөр жакшы билесиңер: "Ал - кара курсактын айынан көрүнгөнгө кул болгон бир байкуш, макулук".
Кыргыздардын бактысына дагы кудай бар экен - миң жылда бир төрөлүүчү инсаныбыз -Чыңгыз аттуу уулубуз төрөлүп, өсүп-өнүп, бойго жетип, адамгерчилик бийик сапаты менен бүткүл дүйнө жүзүндөгү прогрессивдүү инсандардын колдоосу аркылуу кыргыз гана эмес - бүткүл совет элин коммунистик идеологиянын ашынган "сверхинтернационалисттик" сары чумасынан сактап калган. Ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин жалпы эле кыргыз эли көнүп калган манкурттардын психологиясынан арыла албай келет. Анын себеби деле жалпыбызга түшүнүктүү: "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп, колуңда каражатың жок болсо - колунда бар адамдын көзүн карайсың да. Анын сыңарындай - бүгүн кыргызстандыктардын жашоо турмушу Россия, Казахстан жана Өзбекстандын жетекчилеринин көз карашынан көз каранды. 
Өз элин башка бирөөнүн зордук-зомбулугунан коргой албаган өкмөт - ал эмне деген өкмөт? Ошондой өкмөттүн бизге кереги барбы? Эсиңиздерде барбы: "Тизелеп жашаганча тик туруп өлгөн жакшы. Элим үчүн жаным курман" деп ким, качан, эмне себептен айтты эле? Ошол эрендер азыр элинин башына кыйын кезең түшүп турган убакта кайсы жерде эмне кылып жүрүшөт болду экен?.. Ушундай шартта бизге ким жардам берет? Албетте, азыркы бийлик төбөлдөрү жөнүндө сөз жок. Алар, мейли, өз ою, өз максаты, өз иши, өз стратегиялык жолу менен тынч өтүп кете беришсин.
Кыргызда "жаман айтпай - жакшы жок" деген сөз бар. Анын сыңарындай, өткөн-кеткен качкын президенттер менен азыркы кездеги убактылуулардын, жогоруда айтылгандай, терс иш-чара жана элге кылган мамилелери биз үчүн абдан чоң сабак болуш керек. Кудайга шүгүр, азыркы убакта кыргыз коомчулугунда улуттук патриоттук таза сезим абдан күч. Аны эч кандай штрафтар, куугунтуктар жана жазалоолор жеңе албайт. Анткени, ал патриоттук күчтөр эч качан бийлик төбөлдөрү ойлоп тапкан нааданчылык ыкмаларга, б.а. шантаж-провокация, уруш-талаш жолдоруна барышпайт жана балит шылуундарга алдырышпайт.
Алардын ар бири өз ордунда сүйгөн, билген жана күйгөн иши менен алек. Алардын көчөгө чыгып элди чогултуп сөз коротуп, убакытты жоготууга убактылары жок. Алар үй-бүлөсүн, элин багып, жерин айдап, үйүн салып, билим алып, тажрыйба топтоп, элине, мамлекетине кызмат кылууга даяр турушат. Алар бийликке келишсе мыйзам ченемдүү, тынчтык жолу менен келишет. Ошол эле убакта алар азыркы бийлик шылуундарына да жол беришпейт, анткени жаңы муундун уюштуруу системасы, биримдиги жана кытыр тартиптүүлүгү ага кепил боло алат. Буга Грузиядагы парламенттик шайлоонун негизинде бийликке тынчтык жолу менен келген грузин элинин улуттук патриотторунун жеңиши мисал боло алат.
Мындай жардам кимдин колунан 
келет? 
Албетте, элин-жерин сүйгөн, аларга канын-жанын аябай, ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө эмгек кылган, чагымчыл, алдым-жуттум жана каракчылык менен бийликке келген убактылуулардын кысымына туруштук бере алган, эл сүйгөн жана кыргыз элинин сыймыгы болгон белгилүү инсандарыбыздын азыр дагы "эл четинде жоо бетинде" тике бою менен тик туруп бериши эртеңки күнүбүздүн бар экенине олуттуу ишеним жаратат.
Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, баары бир - ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө, эсинде, тилегинде Улуу кыргыз элинин бийик Рух дүйнөсү, көөнөргүс Дөөлөтү, асыл Аруу тилеги аздыр-көптүр жашап келет. Бир гана жаман жери - мамлекеттик башкаруу системасынын начардыгынан жана анын аткаруучуларынын коррупциядан башы чыга албай, биринин жүнүн бири жеп, элин алдап, талап-тоноп, каракчылык менен оокат кылып көнүп калган чиновниктердин кесепетинен ишмер жигиттерибиз менен кыздарыбыздын мамлекеттик башкаруу системасына аралашууга ою да, шарты да жок.
Ошондуктан Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасын кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргой турган нукка буруш үчүн өкмөткө, парламентке экономиканы түшүнгөн, билген, тажрыйбалуу патриот адистер келиши керек. Андан ары каражат маселеси чечилсе, уурдабаса, азыркы кабырганы кайыштырган көйгөйлөрдүн эң негизгиси - чек ара маселеси чечилмек.
Демек, Кыргызстандын келечеги бар экендигинде шек жок. Ошондуктан убактылуулар менен урушпай-талашпай, мыйзам ченемдүү иш кылганга үйрөнөлү. Ар бирибиз өз ордубузда билген ишибизди так аткарып, бүгүн-эртең элине кызмат кыла турган адистерибизди даярдап, таптап, сүрөп, колдоп, өстүрө берели.
Карт тарыхтын 
сабактарынан
Кыргыздарда ата-бабадан калган сөз бар: "Ант бузган адам - оңбойт",-деген. Андайлардан алыс бололу. Ата салтын сактаган, элине, мамлекетке кызмат кылган каармандарга жакын бололу. Ошол себептен эртең кыргыздардын башын бириктирип, тагдырын чече турган уул-кыздарыбызга кылым карыткан кыргыз тарыхынан бир эле көз ирмем окуяны айта кетейин: "Илгери, мындан эки миң жыл мурда Күн уулдары (гунндар) менен коңшу турган Синь империясынын дун-ху эли гунндардын ич ара чыр-чатагынан пайдаланып Модэ каганга доомат артып келишет: "Бизге эң мыкты атыңарды жана кагандын эң сүйкүмдүү аялын бересиңер!"-деп. Муну уккан гунн элинин акылман аксакалдары дун-хулардын мындай дооматына арданышып: "Бербейбиз!" - деп чечишет. Ошондо Модэ каган: "Кошуна туруп ушу бир атты жана бир аялды аяп эмне кылабыз, алышсын!"- деп айтат. Арадан көп убакыт өтпөй дун-хулар дагы келишет: "Ортобуздагы чек ара тилкесиндеги жерди да бизге бергиле!"-деп. "Ушул жайытка жарабаган такыр жер үчүн кошуналар менен чырдашып эмне кылабыз, алса ала берсин"- деп чечишет гунн элинин акылман аксакалдары. Ошонда Модэ каган айтыптыр: "Бул жер менин атамдан калган жер эмес, бул мамлекеттин жери. Ошондуктан мен бул жерди бере албайм!"- деп. Модэ каган ошол жерден "ушул такыр жерди ала беришсин" деген акылмандардын башын алып, душмандарга билгизбей кол топтоп, анан капысынан кол салып, дун-хуларды багынтып алган",- дешет.
Тарыхта айтылып калгандай: "Ошол күндөн тартып, мындан 24 муун мурда, Улуу Модэ каган гунн элинин баатыр жоокерлери - садагарлар менен - батыш өлкөлөрүнө жортуулга чыгышып, акырында Рим империясын жеңип алганга үлгүрүшкөн.(М.Э)

Булак: "Алиби"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter