11 марта 2013, 16:07

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтөт

 Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтөт13-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясында кезексиз сессия өтүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

«Күн тартибинде шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамын жана жобосун бекитүү маселеси каралат», -деп билдирди шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Эмиль Баймурзаев.

Белгилей кетсек, 21-февральдагы шаардык кеңештин кезексиз 4-сессиясы үзгүлтүккө учураган. Бул сесссияда белгиленген маселелердин ичинен шаардык кеңештин иштөө регламенти жана 2013-жылга мерчемдүү иш пландары каралып, бирок туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү маселесин кароо учурунда пикир келишпестиктер орун алган жана кийинки сессияда бул маселени кароо сунуштары түшкөн.

Булак : Баракелде
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter